Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ленин районунун акими: Элдерге эки жолу айтсаң да түшүнүшпөйт

Нурдин Тынаев Ош базарындагы бытыраган соода кылууга жасаган кыдыруусу тууралуу айтып берди

Бишкектин Ленин районунун акимиятынын кызматкерлери Мамлекеттик салык кызматы жана РИИБ менен биргеликте Ош базарын эки жумадан бер кыдырып жатышат. Бул туурасында Vesti.kg сайтына Ленин районунун акими Нурдин Тынаев билдирди.

- Күн сайын биздин акимияттын кызматкерлери салык инспекциясы жана РИИБ менен бирге базарды кыдырышат, - дейт ал. - Мыйзамсыз соода кылганды токтотууга аракет кылып жатабыз. Ал жерде бир, эки эле адам эмес да. Биз соодагерлерге ооз эки эскерттик. Элдерге экинчи жолу айтсаң да жетпейт экен, андан соң анан чара колдонгонго туура келип жатат. Салык инспекциясынын кызматкерлери администритивдик протокол түзүшүп, сотко жиберип жатышат. Ал жерден маселе товарын конфискациялоо менен чечилет.

Ошону менен бирге Ленин районунун башчысы, мэрия соода кылуу үчүн мыйзамдуу жер берүүгө даяр экендигин билдирди.

- Ош базары бизде жеке менчиктин бир түрү болуп эсептелет, - деп белгиледи Тынаев.

- Ал жерде 80ашуун чарбалык субьектилер бар. Биз көчөдө соода кылгандарга ичкериден орун таап, келишим түзөбүз. Бул орундар үчүн патент алып, ижара акысын төлөө керек. Көптөрү жөн эле салык төлөгүсү келбейт, патент алгысы келбейт. Ошондуктан митинг кылып, чыр сала беришет. Биз аларды басынтып атат имишпиз. Биз болгону тартипти жөнгө салууну каалайбыз. Элдер көрсөтүлгөн жерге жайлашып, шаардын бюджетине салык түшүрсө деген эле тилек.

Медина Купсулдаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх