Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Дүйнөнүн 52 шаарында 115тен ашык кыргыз диаспоралык уюмдары бар

Мигрант күнүнө карата атайын тегерек стол уюштурулуп, анда Кыргызстан менен Россия Федерациясындагы уюмдардын алакаларын өнүктүрүү боюнча сөз болду

Иш-чараны Санкт-Петербург шаарындагы социалдык долбоорлорду өнүктүрүү жана колдоо

«ПСП-фонд» кайрымдуулук фонду «Карылардын ресурстук борбору» коомдук бирикмеси менен биргеликте уюштурган.

Мигранттардын көйгөйлөрүн талкуулоого эки өлкөдөн келген адистер менен эксперттер да чакырылган.
Тегерек столдо эки чоң маселе каралып, сунуштар менен ой-пикирлер талкууланды.

Кыргызстан менен Россиядагы миграциялык процесстериндеги көйгөйлөр айтылып, ар бир катышуучу өз ой-пикирин ортого салды.
Өзгөчө, мигранттар профсоюздарын түзүп, аларды өнүктүрүү жана пенсия маселесин мамлекеттик деңгээлде чечүү сунушу колдоого алынды.
Кыргызстан менен Россияда иш жүргүзүшкөн уюмдар тыгыз мамиледе иш алып барышы айтылып, өз ара тажрыйба бөлүшүү иш-чаралары жүргүзүлүшү керектиги белгиленди.

Бул жаатта чет өлкөдө иштеген мигранттарга жана алардын үй-бүлө, бала-чакасына жардам көрсөтүү маселелери баарынан маанилүү экендиги айтылды.
Тегерек столго чогулгандар мигранттардын Россия Федерациясына жөнөө алдында алардын даярдыгы, укуктук жактан жардам көрсөтүүнүн механизмдерин өнүктүрүү мүмкүнчүлүгү, алардын Россияда социалдык жана маданий жактан көнүп кетүүсүнө көмөк көрсөтүү жөнүндө сөз кылышты. Тараптар бул тармакта Кыргызстан менен Россиядагы ишкана-уюмдардын өз ара мамилелерин жогорку деңгээлде жүргүзүүсүн өнүктүрүү жолдорун аныкташты.

Тегерек стол Кыргызстан менен Россия Федерациясындагы ишкана-уюмдарынын Россияга жөнөгөн мигранттын даярдыгы, алардын Россия Федерациясындагы жашоосуна укуктук жана социалдык колдоо көрсөтүү боюнча эки тараптуу кызматташуу меморандумуна кол коюну макулдашышты.

Бул чыгарылыш «Карылардын ресурстук борбору» АК тарабынан ишке ашырылуучу «Мигранттарды укуктук жана маалыматтык жактан өнүктүрүүнүн комплекстүү системасы жана алардын укугун биргелешип коргоо» мыйзам долбоорунун алкагында чыкты.

Акылай Рахматулла

сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх