Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эмне үчүн маичилерге мындан 5 жыл илгери алынып келинген алкотестерлер өтө сейрек учурайт?

ЖКККМК инспекторлор түрк кесиптештери белекке берген жаңылыкты кантип колдонуп жатышкандарын айтып берди

2013-жылы түрк укук коргоочуларынын Кыргызстандын жол-кайгуул кызматына белекке берген алкотестерлерин маичилер дагы эле кызматында колдонуп жүрүшөт. Бул туурасында Vesti.kg сайтына ИИМ ЖКККМК начальнигинин орун басары Нур Сатыбалдиев айтып берди.

Анын сөзү боюнча, жаңы приборлорду сатып алууга ниеттенип жатышат, бирок аны адегенде мыйзамдаштыруу керек.

- Гуманитардык жардам катары 64 даана алкотестер келген ошол маалда бизге, - деп эскертти нур Рысканович. Анын баары республика боюнча бөлүштүрүлгөн. Азыр системаны реформалоонун алкагында инспекторлорго мыйзамдүү түрдө приборлорду сатып алуу ниеттелип жатат.

Учурда мыйзам маичилерге алкотестер колдонууга тыюу салбайт, бирок анын жыйынтыгын жоопко тартуу үчүн колдонууга болбойт.
- Инспектор айдоочуга турган ордунан текшерүүнү сунуштоого акылуу, - деди Сатыбалдиев. - Андан ары айдоочу баары бир наркологиялык тесттен өтүүсү зарыл.
Сөзүнүн аягында Нур Рысканович жаңы алкотестерлер бюджет мүмкүнчүлүк берсе сатылып алынаарын кошумчалады.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх