Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда мүмкүн болбогон жерде түкүрүп жана тамеки тартып жатып, милиционер биринчи болуп колго түштү

Чүй облусунун ИИМБ кызматкеринин жоопкерчилигин тууралуу маселени Лебединовка айыл өкмөтү карайт

Кечээ 2019-жылы үчтүн айынын сегизинде социалдык тармактардастаршина наамындагы формачан милиция кызматкери түкүрүп, тамеки тартып турган видео жарыя кылынды.

Бул факт боюнча кечээ Чүй облусунун ички иликтөө бөлүмү кызматтык текшерүү жүргүздү, анын натыйжасында жогорудагы кызматкердин өздүгү аныкталды. Ал чүй облустук ИИМБ жол кайгуул кызматынын милиционери, старшина М.М. болуп чыкты.

Милиционер Кыргыз Республикасынын «Эреже бузуу тууралуу» Кодексинин 71 беренесинин 1 бөлүмүнүн талаптарын бузган, анда «Турмуш тиричилик таштандыларын белгиленбеген жерге таштоо жана түкүрүүгө 3 категориядагы айып салынат», деп жазылган. КР «Эреже бузуу» Кодексинин 66-79 беренелеринде каралган №14 Глава №1 шилтеменин талаптарына ылайык ( айлана чөйрөнүн тазалыгын сактоо тартибин бузуу) жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары тарабынан каралат.

Ушуга байланыштуу бардык чогултулган материалдар Аламүдүн районунун Лебединовка айыл айыл өкмөтүнө жиберилип, Кыргыз Республикасынын «Эреже бузуу» Кодексинин нормаларынын талаптарына ылайык чечимкабыл алынат.

Чүй облустук ИИМБ маалымат кызматы
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх