Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте түкүрүү үчүн чака көтөрүп жүргөн кишини көрүшкөн (видео)

Мыйзамды сыйлаган киши жаңы мыйзамга жоопкерчилик менен мамиле кылган

Коомдук жайда эреже бузгандарга салынуучу айып пулдарга коомчулук ар кандай реакция кылды. Өзгөчө түкүргөндүгү үчүн 5500 сом айып пул салуу аябай дүрбөлөңгө салды.

Биринчи элдин шары камера алдында көрсөтүп түкүрүү менен коштолсо, андан соң бир аз жоошуп, түшүнө баштаган сыяктуу.
Ошентип, кечээ Бишкекте ушуга байланышкан видеоо тартылып алынган. Тасмадан бир кишинин тамеки тартып, экинчи колуна чака кармап тургандыгын көрүүгө болот, анткени ал түкүрсө мыйзамды бузаарын эң сонун билет.

Бул видеотасманын автору анын бул кылыгына «Бишкекте жашоо ушундай» деп комментарий берет.

Эске салсак, мурда Бишкек мэриясы Vesti.kg сайтына администарция азыр түкүргөндөргө айып упл сала албастыгын айткан эле. Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарында бул эреже бузууга карата кандай чара көрүү керектигин чечүү тууралуу комиссия түзүлө элек.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх