Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Көк бөрүчү Манас Ниязовдун кийиминин баасы 40 миң сомго чыкты

Аукциондон түшкөн акчаны улак чаап жатып жаракат алып, төшөктө жаткан Дастан Жакеевге беришет

Кыргызстанда көк бөрүчү Манас Ниязовдун улакка кийген кийимин аукционго коюшту. Бул кийим менен ал II Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна катышкандыгы билдирилет.

Аукцион кечээ башталды. Баштапкы баасы 2 миң сом болду. Бирок азыр баа 40 500 сомго көтөрүлдү.

Конкурстун жыйынтыгы үчтүн айынын онтогузунда жыйынтыкталат. Кийимди сатуудан түшкөн акча улак чаап жатып жаракат алып, төшөктө жаткан жаш көк бөрүчү Дастан Жакеевге берилет.

Мурда Vesti.kg сайты Чүй облусунун көк бөрү боюнча чемпионатында аттан жыгылып жаракат алгандыгын жазган болчу.

Аттан жыгылуунун натыйжасында Дастан Жакеевдин колу, буту иштебей калган жана азыр дарылоого муктаж.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх