Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Куу айдоочулар «Коопсуз шаардын» байкоосунан кантип сактанууну ойлоп табыштыбы?

Instagramда «коргоочу пленканы» сатып жатышат, ал видеобайкоого алуучу камерага машинанын номерин көрсөтпөй коёт

Кыргызстанда машинанын номерин видеокамерага көрсөтпөй коё турган пленкалар пайда болду.Жарыя Instagram га чыккан. «Кыргызстандагы расмий өкүл! KG номерин камерадан сактай турган нанопленка. «Акылдуу шаар» - өзүңдү айып пулдан сактап калууга үлгүр», - деп айтылат жарыяда.

Сатуучу кыргызстандыктарга жүз пайыздык кепилдик берет.

Интернеттеги жарыянын түрүнө караганда бул пленканы колдонуу кеңири эле таркаган сыяктанат. Анткени бул пленка айып пулдан сактанууга оңтойлуу экен. Анын кандайча болоорун минтип түшүндүрүшөт: «Кара түстөгү суюк текстура номердин үстүнө шыбалат, -деп жазат чыгарылышта. - ИК-камера эсептегенде номерден ак гана тактарды көрө алат. Бирок ЖКККМК инспектору бул номерге чапталган пленканы байкап калса, анда мыйзам алдында жооп берип калат».
Бирок Бишкек ЖКККМК мындай «укмуш каражаттын» бар экендигинен кабары жок.

- Биз бул тууралуу билбейбиз, деди маалымат кызматы Vesti.kg сайтына. - Эч нерсени уга элекпиз. Биздин ал нерсени текшересиңерби деген сурообузга ак же көк деп жооп бере алышкан жок.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх