Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Эгерде компьютердик клубдарды жапса, өспүрүмдөр китепканага барып калышабы»

Бишкек шаардык кеңешинин башчысынын бул идеясын ишке ашпай турган нерсе дешти

Жаштарды компьютердик клубдун ордуна китепканага тартуу идеясы - бул популизм. Мындай деген оюн Vesti.kg сайтына мурунку билим берүү министри, педагогика илимдеринин доктору, профессор Ишенгүл Болжурова билдирди.

- Дүйнө жүзү боюнча китепкана бир гана билим берүү борбору эмес, жаңы технологиянын да борбору, - деп белгиледи ал. - Өнүккөн өлкөлөрдө китепканаларга компьютерлер орнотулган, ал аркылуу билим берүү программасы жеткиликтүү болот. Ошондуктан китепкана менен маалыматтык мүмкүнчүлүктөрдү айкалыштыруу башка кеп. Эгерде убакыттын өтүшү менен, кийинчерээк китепканага өспүрүмдөр барышы мүмкүн. Окугусу келбеген, ойногусу гана келген балдар үчүн компьютердик клубдарды жаап салуу менен ийгиликке жетишем деген бул фантазия.

Өз кезегинде дагы бир профессор Айнура Арзыматова балдарды китепканага барууга мажбурлоо - бул ишке ашпай турган ой экендигин айтат.
- Биз көрсөтмө менен жашаган тоталитардык өлкөдө жашап жаткан жерибиз жок, - деп түшүндүрдү ал Vesti.kg сайтына. - Азыркы өспүрүмдөр санариптик ааламда жашап жатышат. Алар үчүн жаңы бир нерсени ойлоп табуу керек. ооба, компьютердик клуб көйгөйү бар. Өспүрүмдөр ал жерде көп убактыларын өткөрүшөт. Биз аларды жаап салсак деле, өспүрүмдөр китепканага барышпайт. Бишкектин шаар кеңешинин башчысы эмнеге мындай сунуш кылгандыгы түшүнүксүз?

Түшүндүрө кетели, Бишкек шаар кеңешинин төрагасы Жаныбек Абакиров борбор шаардагы бардык компьютердик клубдарды жабууну сунуш кылды. Бул тууралуу ал БШК социалдык көйгөйлөр боюнча өтүүчү комиссиянын жыйынында айтты.

«Клубдарды эрктүү чечим менен жабуу керек, мурда казинону жапкандай жабуу керек. Ошол эле учурда китепканалардын шарттарын жакшыртууну караш керек, аларга балдар бара тургандай болсун», - деп келтиришет журналисттер Абакировдун сөзүн.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх