Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектиктер Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын жеңишин майрамдап жатышат (видео)

Кыргызстандыктар филипиндиктерди 3:1 эсебинде утту

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Филиппиндин командасын 3:1 эсебинде утуп алды. Таймаш Азия Кубогу-2019 оюнунун алкагында Дубай шаарынын «Рашид» стадионунда өттү.  

Виталий Люкс 24-мүнөттө биринчи голду согуп, эсепти ачты. Ал эми атаандаштардын дарбазасына экинчи топту 51-мүнөттө киргизди.

Оюндун 76-мүнөтүндө Мирлан Мурзаев атаандаштардын дарбазасына сокку узатты, бирок топ дарбазанын кырына тийип ыргып кетти. Ушул учурдан пайдаланып Виталий Люкс үчүнчү топту киргизип салды.

Кыргызстандын курама командасынын жеңиши бишкектиктерди кубанычтын кучагына бөлөдү. Шаңдуу кыйкырык салган жаштардын тобу борбордук көчөнү басып өттү.

Эске салсак, мындан мурун КР курама командасы эки таймашта Кытай менен Түштүк Кореядан утулуп калган болчу.

Фото www 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх