Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Президент өтө турган жерде селсаяктар уктап жатышат». Депутат таштанды салгычтын дизайнын алмаштырууну сунуш кылды

Тынчтыкбек Конушбаев бир эле ыңгайлуулук эмес, кооздук да керек экендигин белгиледи

Бишкектин мэриясы көчөдөгү таштанды салгычтардын жалпы дизайнын иштеп чыгууга конкурс өткөрүшү керек. бул тууралуу Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында депутат тынчтыкбек Конушбаев билдирди.

- Шаарды араласаң, жол жээгинде таштандылар ачык жатат, ал жерде селсаяктар уктап жатышат, -деди ал. - Алтургай президент жана келген меймандар өтө турган жерде да ушундай. Таштанды салгычтардын дизайнын жана орнотулушун ойлоп табуу керек.

Борбордун жолдорун оңдоп жатышат, бирок бардыгын эмес. Ал иштерди аткаруу үчүн конкурс жарыялоо керек. Жалаң эле оңтойлуу эмес, кооз да болушу керек. Дарыяны жээктетип эс алуучу жайларды куруу керек.

Вероника Малышева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх