Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ош базарынын айланасындагы башаламан соода менен эми кароол агенттиги күрөшөт

Ленин районунун акиминин сөзүнө караганда, кыдыруулар бир аз да болсо натыйжа берди

Ош базарынын тегерегиндеги башаламан соода кылуу менен эми жеке кароол агенттиги күрөшөт. Бул туурасында Vesti.kg сайтына Бишкек шаарынын Ленин районунун акими Нурдин Тынаев билдирди.

Анын сөзү боюнча, 2018-жылдын бештин айындагы кыдырып чыгуулар бир аз да болсо натыйжа берди.

- Биз Бейшеналиев, Токтогул, Киев көчөлөрүн жана Чүй проспектисин тазалагандан кийин Ош базарынын дирекциясы жеке менчик кароол агенттигин жалдап алды, - деп маалымдады Тынаев. - Эми алар өздөрү күн сайын мониторинг кылышып жана көчө соодасы мене өз алдынча күрөшөт.

Райадминистрациянын башчысы Кулиева көчөсүндөгү башаламан соода азыр да уланып жатат деп билдирди. Ал жерде бүгүнкү күндө сатуучулар иштеп жатышат, анткени алардын «Берекеттеги» соода орундары өрттөнүп кеткен болчу.

- Ош базарынын борбордук дарбазасында мурун арабакечтер турчу, азыр ал жерге темир тосмолорду коюп коюшту, - дейт Тынаев. - Азыр борбордук дарбазада «Сейтек» базарындагы орундары күйүп кеткендер турган жер толугу менен тазаланды. Кулиева көчөсүндө гана соода кылуу уланып жатат, анткени аларга азыр жаңы ачылып жаткан соода борборунан орундар караштырылып жатат.

Эске салсак, 2018-жылы бештин айында Бишкек шаарынын Ленин районунун акимиятынын кызматкерлери борбордук милициянын жана Мамлекеттик салык кызматкерлеринин биргелешкен жардамы менен Ош базарынын аймагын башаламан соодадан тазалоо үчүн кыдырууга чыгышкан эле.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх