Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кечээги Бишкекте болгон митингдин катышуучулары бошотулганы менен салынган айыппулдарды төлөшө элек

Алардын айыппулду банк аркылуу төлөгөнгө дагы бир ай убактылары бар. Эгерде төлөнбөсө иш сотко өтөт

Кытайга каршы митингдин катышуучулары өздөрүнө салынган айыппулдарды төлөй элек, бирок жоопкерчиликтен баары бир качып кутула алышпайт. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Бишкек ИИМБ билдирди.

- Митингде 21 адам кармалды, - деп тактады милиция. - Баарына тең 3 миң сомдон айыппул салынды. Жаңы Кодекс боюнча айыппулдарды бир ай ичинде банкка төлөөлөрү керек. Эгерде төлөшпөсө ар бир өткөн күнгө 0,5% пения кошулат. Пениянын суммасы айыппулдун суммасына теңелгенде иш сотко өткөрүлүп берилет.

Эске салсак, кечээ Бишкекте кытай экспансиясына каршы митинг болду. Митингдин катышуучулары белгиленген убакытта Ала-Тоо аянтынан кетүүдөн баш тартышты, ошого байланыштуу тартип сакчылары иш чаранын уюштуруучусу Аманбол Бабакулов баш болгон жыйырма адамды кармап кетишти.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх