Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Табактагы таракан. «Тюбетейка» ресторанындагылар алтурсун кечирим да сурап коюшкан жок (видео)

Бишкектин санэпидкөзөмөлү айрым бир кафенин кожоюндары текшерүүгө киргизилген мораторийден кыянаттык менен пайдаланып жатышкандарын түшүндүрдү

Бишкектин «Тюбетейка» деген ресторанында коноктор табактан тараканды көрүштү. Instagram социалдык тармагындагы чыгарылыштын автору айткандай, таракан үстөлдүн үстү менен табактагы тамакты аралап чуркаган.

Бул нерсе майрамдык тамакка келген конокторду иренжиткенин айтсак болобу же жокпу.

«Тирүү таракан үстөлдүн үстүндө чуркап баратса, алар кечирим сурап коюуга жараган жок. Тамактын ичинде эмес го ал таракан деп коюшту. Баары бир тамакты аралады да. Бир гана бизди тейлеген кызматкерлер кечирим сурамыш болуп, кырдаалды жууп, жайкаганга аракет жасашты», - деп билдирет автор.
(орфография жана пунктуация бузулбай сакталды)


Бишкек шаарынын мамсанэпидкөзөмөл жана оорулардын алдын алуу Борборунун тамак аш бөлүмүнүн башчысы Махамат Мурзашевдин Vesti.kg сайтына айтып бергенине караганда, санитардык коопсуздукту сактабагандыгы үчүн бул ишкананы жаап коё алышпайт.

- Азыр эки жылга мораторий бар, ага ылайык биз пландык текшерүү кыла албайбыз, - деп эскертти ал. - Ушундан ишкерлер пайдалынышып, өздөрүн да сыйлабайт жана уялышпайт да. Алар таракан менен келемиштерге акчаларын короткусу келбейт, ошондуктан ушундай иш болуп жатат.

Мурзашев ал ресторандын ээсине баары бир айып салынаарын айтты.

- Эгерде арыз түшсө, сүрөт жана видео болсо, анда биз пландык текшерүү кылабыз жана айып пул салабыз, - деп сөзүн аяктады ал.

Видео быйыл үчтүн айынын жыйырма бешинде тартылып алынган.

Манас Кольбаев
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх