Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Өтө эле «Мобилдүү» активдерби?

Көп суроолорго жооп жок

2018-жылы жергиликтүү ЖЧК «Мобильник» компаниясы эл аралык инвестор ARЕA PLUS DMCC компаниясын ээрчитип келген.

Мындай каржылык ири инвестордун келиши колдо бар технологияны иштетебиз жана Орто Азияда кызмат көрсөтүүнүн жаңы үлгүсүн сунуштайбыз деген үмүттөрдү жандырган эле. ARЕA PLUS DMCC компаниясынын олуттуу инвестор экендиги анын уставдык капиталынын 47 миллион сомго жеткендиги менен ишендиришкен. Башкача айтканда, бул алардын Кыргыз Республикасынын жана Орто Азия рыногунда стратегиялык максаттарынын узактыгын көрсөткөн. Бирок негизги милдети «Мобильник» системасынын төлөмдөрүнүн туруктуулугун камсыз кылуу болчу.

Ошоентип инвестор акчасын компанияга салды. Ал «Мобильник» үчүн жергиликтүү программалык өнүмдү чет жакка сатууну уюштурду жана КМШ өлкөлөрүндө андан аркы экспансиянын платформасын даярдап берди.

Бирок кырдаал өзгөрүп кетти. 2018-жылдын күз мезгилинен азыркы убакка чейин компания оор күндөрдү башынан кечирип келе жатат. Төлөө системасында үзгүлтүктөр жана «Мобильник Акча» капчыгында иштөө алардын ишине кедерги болду.
Ушунун баары алар тууралуу социалодык тармактарда терс пикирди жаратып, компаниянын кадырына доо кетирди. Инвестордун да баркы кетти.

Түзүлгөн кырдаалдын кесепеттери кандай болду? Компаниянын ичинде эмнелер болуп жатат? Эмне үчүн «Мобильник» Кыргызстанда төлөө системасы болуп туруп үзгүлтүккө учурады?

Анын негизги активдерине эмне болду? Анткени «Мобильниктин» акчалары - бул инвестордун жана кардарлардын акчасы да. Кымбатка туруучу программалык камсыздоо, терминалдык тармак, тажрыйбалуу адистердин командасы, өнөктөштөр менен иштөө жана агенттик тармактар мунун баары активге кирет эмеспи.

2018-жылдын күзүнөн баштап компаниянын мурунку башчысы Адилет Боотаев жаңы IT-долбоор ачып жана «Мобильникке» атаандаш боло турган иштеп жаткан компанияны сатып алгандыгы чынбы? Кеп BooGoo IT компаниясы жана Asisnur төлөө системасы тууралуу болуп жатат.
«Мен кубануу менен BOOGOO.APP IT-компаниясын ачкандыгыбызды билдирем, эми мен ал жерде CEO, - деп жазат ал Фейсбукка 2018-жылы тогуздун айынын жыйырма бешинде. - Менин эми «Мобильник» компаниясына тийешем да жок».

Бирок, Боотаев мындай кадамдарга барууга каражатты кайдан тапты? Команданын бычакка сап болуучу кызматкерлерин жана негизги агенттик бөлүктү өткөн күздө Asisnur деген компанияга көчүрүп салгандыгы чынбы? Ушул иш аракеттер «Мобильниктин» программалык камсыздоосунун үзгүлтүккө учуроосуна алып келген жокпу?

Былтыр бештин айында «Мобильник» компаниясын ижарага алынган кеңседен кууп чыгып, анын серверге жана компанияны программалык камсыздоого болгон мүмкүнчүлүгүн токтотуп койгон, деген ушак сөздөр тастыкталып жатабы?

Бул нерсе чет элдик инвесторлордон акча алган соң «Мобильниктен» бардык керектүү активдерди, материалдык жана материалдыкэмес баалуулуктарды чыгарып кетти дегенди билдирбейби?

Дагы бир суроо жоопсуз калып жатат: керектүү активдерди «Мобильниктин» крамагынан чыгарып кеткен адам компаниянын кардарларынын алдындагы жоопкерчиликти сезеби? Бул компаниянын активдери өтө үле «мобилдүү» болуп кеткен жокпу?

Бул суроолор тилекке каршы азырынча жоопсуз калып жатат.

Белгилей кетүүчү нерсе, Адилет Боотаев өзү 2018-жылы жетинин айынын төртүндө болуп өткөн окуяны түшүндүргөн, аны компаниянын директорлор кеңешинен чыграышкандыгын, аны 2003-жылы өзү түзгөндүгүн айткан.
«Мен эми компания үчүн юридикалык жактан да, иш жүзүндө да эч ким эмесмин!» - деп жазган ал.

Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх