Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Тамеки тартууга бардык жерде тыюу салынышы мүмкүн. Жогорку Кеңештин көпчүлүк депутаттары буга «макул»

Бул ойду бир эле эколог жана активисттер эмес, өздөрү тамекиден жабыркап жүргөн депутаттар да колдошту

Жогорку Кеңештин депутаттары бардык ккомдук жайларда жана жумуш орундарында тамеки тартууга каршы чыгышты, имараттын ичинде, коомдук транспорттун ичинде жана коомдук тамактануучу жайларда тамеки тартууга тыюу салууга ниеттенип жатышат.

Белгилүү эколог Эмил Шүкүров эл өкүлдөрүнүн демилгелерине кошулат жана жакшы баалайт. Анын айтымында, имараттын ичинде, коомдук жайда тамеки тартуу калган адамдарды уулайт.

- Бул зарыл болгон чектөө, анткени киши имараттын ичинде тамеки тартса калган адамдарды да уулайт, - деп эсептейт Шүкүров. - Тамеки чеккен адам чегүү же чекпөө менин жеке ишим, дей баштайт. Алар өз саламаттыгына түкүрүп салышы мүмкүн, бирок башка адамдардыкына анте албайт, укугу жок. Жарыяны да ошентиш керек.

Эмил Жапарович тамеки өндүрүүчүлөрдүн жарнамасы өмүрдү кыскартып, жарандардын саламаттыгына доо кетирэт ишенет.

Парламенттин депутаты Исхак Масалиев Vesti.kg сайтына берген маегинде өзү чеккени менен тамекинин жарнамасына каршы экендигин билгизди.

- Жарнаманы таптакыр жок кылуу керек, - деп макул болду ал. - Мен өзүм чегем, бирок тамеки чегүү менен болгон күрө көрүнгө жерде түтөтө берүүгө жол бербейт. Атайын тамеки чеге турган жай кылыш керек. Ошентип жарандар акырындык менен аз чеге башташат. Бул күрөштү токтотпоо керек.

«ЖКыргызстандын жашылдар партиясынын» өкүлү Александр Толмачев да ушундай эле ойдо.

- Бул мыйзам долбоорду толугу менен колдойм, - деди ал Vesti.kg сайтына. - Мисалы, мен өз үйүмдө чегем, көчөдө чекпейм. Өз баламды тамеки алып кел деп эч качан жумшабайм. Мен аны тамекинин түтүнүнөн алыс кылууга тырышам. Мисалы, мен Түркияда болдум, ал жерден тамеки тарта турган жерди араң таптым. Ушундай кыйынчылыктар адамды бул жаман адаттан арылууга түрткү берет.

Мыйзам долбоорго негиздөөчү тактамада учурда Кыргызстанда тамеки тартуу майыптыкка жана өлүмгө себепкер болчу нерсе деп түшүндүрүлөт.

Эльдос Казыбеков
Сүрөт Www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх