Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Фрунзе» соода дүкөнүнүн эшигин топтошкон эл сындырып салды. Адамдар арзан нерсе үчүн эмнеге гана барышпайт (видео)

Дүкөндүн админисрациясы элдин баарын саптуу казан (сковородка) эмнеси менен кызыктыргандыгына акылы жетпей, аң таң калып отурат

Кыргызстандын түштүгүндө элдер «Фрунзе» соода дүкөнүнөн арзан саптуу казан алабыз деп эшигин талкалап салышты. Бүгүн эртең менен Ош шаарында болгон бул окуя видеого түшүп калган.

«Фрунзе» соода дүкөнүнүн администратору Ирина Пиксаеванын Vesti.kg сайтына айтып бергенине караганда, бул дүкөндүн филиалдарында бир нече күндөн бери арзан баада товарларды сатып жок кылуу жүрүп жатат.

- Бул товарды сатып алчу компания менен кызматташтыгыбыз үзүлгөндүгүнө байланыштуу, биз ал товарды сатып түгөтүшүбүз керек, - деп түшүндүрдү ал. - Чындаганда товар көп деле эмес болчу, бирок элдердин муну түшүнгүсү жок. 70 пайыздык арзандатуу менен башка деле товарлар бар, бирок элдер эмнегедир эле саптуу казанга (сковородка) жармашты да калды.

Дүкөндүн кире беришинде элдер бири бирин төө бастыга алышты, арасында жаш балдар да бар болчу. Мурда ушундай окуялар Бишкектин дүкөндөрүндө болчу эле.

Пиксаева сынган эшиктин чыгымы али аныктала электигин кошумчалады.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх