Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жолго коюлган камералар жолдо жүрүүнүн эрежелеринин бузулушунун кайсы жети түрүн эсепке алат?

Бирдин айынын он экисинен баштап Кыргызстанда «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруу башталат

Кыргызстанда бирдин айынын он экисинен баштап «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруу башталат. Орнотулган программалык-аппараттык комплекстер жол кыймылынын эрежелеринин бузулушунун жети түрүн эсепке алып каттайт.
1- Светофордун тыюу салуучу жарыгында өтүп кетүүнү
2- Кыймылдын каршы тилкесине чыгууну
3- Транспорт каражаттарынын жол жээгине, тротуарга же велосипед жолуна, газонго, жөө адамдар жүрчү жолго чыгып кетүүсүн

4- Светофордун тыюу салынган жарыгы жангандан кийин токтоочу сызыктан өтүп кетүүнү

5- Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын жөө адамдар өтүүчү жердеги талаптарды аткарбоосун (теске салынбаган жөө адамдар өтүүчү жерде «зебрасы» бар жерде жөө кишиге жол бербесе)
6- Белгиленген ылдамдыктан ашырып айдоону

7- Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын аялдамада, токтотуучу жайда талаптарды аткарбаган учурларды (тийешелүү жол белгилери бар жерде токтотконго , машинаны койгоно тыюу салынган белгилери бар жерлерде б.а. “3.27” жана “3.28” белгилери бар жерде)

Жол кыймылынын коопсуздугу байкоого алынган жердеги эреже буулардын бардык маалыматтары автоматтык режимде ылайыкташкан көзөмөлдөп-өлчөгүч техникалык каражаттардын жардамы менен сүрөткө тартып, видеого алынып,ИИМ ЖКККМБ мониторинг Борборунда системалаштырылып жана иштелип чыгат.

ИИМ ЖКККМБ маалымат кызматы
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх