Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жогорку Кеңештин депутаты туристтер келчү мезгилге чейин ажаткана куралы деп сунуш кылды

Парламентте Ысык-Көлдө коомдук ажатканалардын жоктугуна сарсанаа болушту

Ысык-Көл облусунда тез арада коомдук ажатканаларды куруп баштоо керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бактыбек Турусбеков билдирди.

Депутат курулушту «Газпром» компаниясы менен биргеликте же пансионаттар менен чогуу ишке ашырыш керек экендигин кошумчалады.

- Туристтер келчү мезгил жакындап калды, ажаткана куруу керек, - деди ал. - Тилекке каршы биз туризм тууралуу мыйзамды артка кайтардык. Ушул маселени карап, райондорго тапшырмаларды берүүңүздөрдү суранам. Күйүүчү май куйчу жайларда акы төлөнчү ажатканаларды ачуу керек же бул ишти пансионаттар менен биргеликте ишке ашыруу керек.
Сөзүнүн акырында эл өкүлү каражатты аймактарды өнүктүрүү фондунан алуу керектигин же мамлекеттик бюджеттен алууну кошумчалай кетти.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх