Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кожобек Рыспаев инфекция тарката турган тентимиш иттерди атууну талап кылды

Депутаттын сөзүнө караганда Бишкектин борбору ит баккан ферманын кейпин кийип калды

Бишкектеги тентиген иттерди тезинен атуу керек. Мындай деген билдирүүнү депутат Кожобек Рыспаев парламенттин жыйында айтты.

Анын айтымында, тентиген иттер Эркиндик эс алуу багындагы көк майсандын баарын булгап жатышат.

- Эртең менен саат жетиде Эркиндик эс алуу багына чыксаңар, ит адамдан көп, - деп баса белгиледи ал. Ит баккандар итинин артынан тазалап коюшпайт, тумшугуна томого кийгизишпейт, иттер көк майсанды булгап жатышат. Кароосуз жүргөн иттер андан да көп. Бишкектин мэриясына тапшырма бергиле, аларды атсын, иттин ээлерин алардын артынан тазалоого милдеттендирсин.

Рыспаев иттер инфекцияны алып жүрүүчү болгондугун эскертип, ал эми Бишкектин борбору ит баккан ферманын кейпин кийип калгандыгын кошумчалады.
- Көк майсанга заңдатып кетишет, анан ал жерде жаш бөбөктөр ойношот, оору жугуп калышы мүмкүн да, - деп сөзүн бүтүрдү ал.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх