Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте аялдамада бир киши телефондо маектешип жатып, заара кылып салды (видео)

Уятсыз жарандын бир жылга чейин эркинен ажыратылышы күтүлүүдө

Социалдык тармактардагы видеодо бир киши коомдук тарнспорттун аялдамасында телефон аркылуу сүйлөшүп туруп, ошол эле мезгилде заара да кылып жатты.

«Элдер эмне болуп баратат? Чакалайдын чак түшүндө аялдамада туруп алып заарасын ушатып атат», - деп жазат чыгарылышытын автору.

Ал ортодо Бишкек ИИМБ Vesti.kg сайтына укук коргоо органынын кызматкерлери ал кишинин өздүгүн аныктоо иштерин жүргүзүп жатышкандыктарын билдиришти.

- Өздүгүн аныктаган соң эреже бузуулар тууралуу Кодекстин алкагында ал кишини жазалашат. «Майда бейбаштык»менен жазаланат, - деп билдиришти мекемеден.

Белгилей кетели, эреже бузуулар Кодексинин 119-беренеге ылайык (майда бейбаштык) ал кишини коомдук тартипти атайылап одоно түрдө бузгандыгы үчүн же өзүн алып жүрүү боюнча жалпыга кабыл алынган эрежени бузгандыгы үчүн жазалашы керек, ал эми бул деген мүлктү талкалоо же зыян келтирүү жана зордук кылып коркутууга барабар.
Бул беренеге ылайык салынчу айып пул 3 миң сомду түзөт же бир жылга чейин эркинен ажыратылат.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх