Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандын жаштары шарияттын жолуна кандай карашат?

Эксперттер Бишкектеги ислам таануу илим изилдөө институтунун сурамжылоосунун үрөй учурган жыйынтыгын түшүндүрүп беришти

Кыргыз жаштарынын үчтөн бири Кыргызстанда шарияттын мыйзамы өкүм сүрүшүнө макул. Кудум ушунча эле сандагы жаштар буга каршы, дагы ошончосу ыргылжың болот бул суроого. Бишкектеги ислам таануу илим изилдөө институтунун кызматкерлеринин кылган сурамжылоосунун таң калыштуу жыйынтыгын CAAN жарыя кылды.

Эмиль Насритдинов, Зарина Урманбетова, Канатбек Мурзахалилов, Маметбек Мырзабаевдер 29 жашка чейинки курактагы 1 миң 50 кишиден сурамжылоо алышкан. Алардын 35% - мектеп окуучулары, 25% - медресенин окуучулары, 19% - студенттер, 15% - жумушчулар жана 7% - жумушсуздар.

Жыйынтыгында 33,33 пайызы Кыргызстанды шарият мамлекети кылганга макул. Каршы болгону - 32,32 пайыз.

Ошондой эле изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча, сурамжылагандардын үчтөн бири президенттикке диний талапкерди колдошкон. Алар мамлекеттик жана эл аралык уюмдарга караганда диний уюмдарга көбүрөөк ишенишет, ММК жана бейөкмөт уюмдарга ишене беришпейт.

Окумуштуулар динге ишенген жаштардын көпчүлүгү «Таблиги Жамаат» кыймылын артык көрүшөөрүн аныкташты.

Жусуп Баласагын атындагы КМУ жалпы тарых кафедрасынын жетекчиси, тарых илимдеринин доктору, профессор Айнура Арзыматова бул жыйынтыктар өлкөдөгү экономика менен билим берүүнүн акыбалын ашкере кылды деп эсептейт.

- Бизде мектептерге караганда мечиттер бекеринен көп эмес, - деди ал Vesti.kg. - Бул сандык көрсөткүчтөр Кыргызстандагы билим берүү деңгээлинин төмөн экендигин айгинелейт. Бишкекте бир аз түзүгүрөөк, аймактардачы? Бекеринен ал жакта кыздар жоолукчан жүрүшпөйт да. Азыр көптөрү өлкөнү исламдаштыруу тууралуу айтып жатышат. Акыбал ошондой эле.

Арзыматованын ою боюнча, бул процессте эң чоң ролду арап өлкөлөрүнөн келип жаткан каражаттардын таасири ойноп жатат. Исламга тартып кетүү өтө күч алган, анткени мамлекет өз жаштарына бере турган эч нерсеси жок. Пайдалуу нерсени да сунуш кыла албайт. Кыргыз жаштарын эң эле жаш кезинен тартып кетип жатышат - мисал катары профессор Кара-Балтадагы жайкы эс алуу лагерин жана мусулман бала бакчасын келтирди.

- Эгерде мындан ары билим берүү менен экономиканы көтөрө албасак, анда бизди исламдашуу күтүп турат, - деп ишенимдүү айтты ал.
- Өткөндөэле Жалал-Абатта Кыргызстандын гимни ойнолуп жатса кыздар ордунан турбай коюшту. буга ислам тыюу салат деп жооп беришти. Бул бир жалгыз эле учур болушу мүмкүн, бирок ал көңүл бура турган алгачкы коңгуроо экендигин эске алышыбыз керек.
АУЦА алдындагы социалдык изилдөөборборунун директору, МУЦА мугалими Аида Алымбаева CAAN изилдөөсү чындыкка коошпой калды деп эсептейт.

Эмнеге сурамжылоого алынгандардын бүтүндөй төрттөн бири медреседе окугандар? Калыс жыйынтыкты алуу үчүн кокустан сурамжылоо кылыш керек болчу, - деп түшүндүрдү ал Vesti.kg сайтына. - Студенттерден көбүрөөк сураш керек жана жашы улуу калктын катмарынан суроо керек. Ансыз бул изилдөө бир жактуу болуп калган. Кыргыздардын динге жана шарияттын мыйзамына болгон мамилесин билүү үчүн көп катмардагы адамждардан сурамжылоо кылыш керек, айылдыктардан, шаардыктардан, улуулардан жаштардан, ар түрдүү категориядагы адамдардан .

- Бүгүнкү күндө мамлекеттин айылдагы калкы өзгөчө динге берилген, - деди ал. Динчилдердин көбү жаш муундагылар, ал эми Советтер союзунун маалындагы кишилер буга консервативдүү гана карашат.
Кыргызстанда шарият укугунун орношу тууралуу суроонун берилиши өзү туура эмес болгон. - Конституцияга ылайык, Кыргыз Республикасы - светтик мамлекет, - деп баса белгиледи ал.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх