Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagram

«Кыргызстандагы медресенин мудариси Сирияда ИГИЛ үчүн согушуп, курман болгон баласын бейишке кирди деп майрамдады»

  • 454 жолу кароо

Эксперттер: жаштардын үчтөн бир бөлүгү шарияттын мыйзамын колдойт деген маалымат болбогон кеп

Мындай маалыматтарды таркатуу - Кыргызстанды исламдаштырууга кызыкдар тараптын буйрутмасы деген ойлор да бар

Кыргызстандын жаштарынын үчтөн бир бөлүгү өлкө шарият мыйзамы менен жашашын колдойт деген маалымат былжараган кеп. Дин иштери боюнча Мамлекеттик комиссиянын мурдагы төрагасы Орозбек Молдалиев ушинтип эсептейт.
Сурамжылооунун жыйынтыгы тууралуу маалыматтарды Бишкектеги ислам таануу илим изилдөө институтуна алып келишти.
- Мен ал илим изилдөө институтун билем, ал жерде бир педагог жана бир теолог бар, - деп түшүндүрдү ал Vesti.kg сайтына. - Андай илим изилдөө институттары көп, аты эле бар алардын. Сурамжылоону социологдор кылышы керек, ал эми ал жерде болсо социологдор жок. Алардын бир багытта иштеп жаткандары турган сөз да.
Эксперт сурамжылоонун жыйынтыгын бир жактуу чыгаруу - бул кимдир бирөөнүн буйруимасы болушу мүмкүн дейт. Балким ал илим изилдөө институтут ушундай жол менен өздөрүнө каржы издеп жатышкандыр.

- Биздин өлкө светтик, - деп эскертти Молдалиев. - Жайнаган медресенин канчасы бизде катталган? Бизде бир медресенин мугалими болуп кетти. Анын уулу Сирияга барып, ИГИЛ тарабында согушуп каза болуптур. Эми ал аны уулум бейишке чыкты деп майрамдап жатат. Ал эмненин тарбиясын бермек эле? Ошол медреселердин жарымын жаап салуу керек.
Коопсуздук боюнча эксперт, полковник Токтогул Какчекеев Кыргызстанда диний маселеге методикалык басым жасалып жаткандыгы байкалып жаткандыгына макул болот. Ал Vesti.kg сайтына бийликтин көп жерде бул тенденцияны колдоп койгондугу өкүндүргөндүгүн айтты.
- Биздин өлкөдө 3 миңден ашуун диний окуу жайлар бар, - деди эксперт. - Президент болсо ислам академиясын курууну сунуш кылып жатат.
Арап өлкөлөрүнөн демөөрчүлөр тартылууда. Бул илим изилдөө институнун аты айтып тургандай, ал өлкөнү исламдаштырууга багытталып түзүлгөн.
Арийне, алар маалыматты өз чөйрөлөрүнөн алып беришет.
Отставкадагы полковник Кыргызстанда ушундай изилдөөлөрдүн жардамы менен ислам өзүнүн тарапташтарын көп кылып көрсөтүүгө аракет кылып жаткандыгын белгилеп кетти. Анткени менен бул чындык эмес да. Дүйнөнү башка көз караш менен караган адамдар өтө эле көп Кыргызстанда, дейт ал.
- Менимче, мындай маалыматтарды таратуу менен мамлекеттин түзүлүшүнө жана Башмыйзамга коркунуч алып келебиз деген ойлору бардай, - дейт Какчекеев. - Ошондуктан кийн соңунда элдин жашоосуна таасирин тийгизе турган нерсеге маани бербей бийлик катачылык кетирип жатат.
Эске салсак, Vesti.kg сайты бир аз мурун CAAN Бишкектеги ислам таануу илим изилдөө институнун кызматкерлери тарабанын жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгын жарыя кылгандыгын жазган эле.
Эмиль Насритдинов, Зарина Урманбетова, Канатбек Мурзахалилов, Маметбек Мырзабаевдер 29 жашка чейинки курактагы 1 миң 50 адамдан сурамжылоо алышкан. Суралгандардын 35% - окуучулар, 25% - медресенин окуучулары, 19% - студенттер, 15% - жумушчулар жана 7% - жумушсуздар болгон.

Жыйынтыгында 33,33 пайыз элдер Кыргызстандын шарият мыйзамы менен жашоосун колдошот. Каршы болгондор - 32,32 пайыз, калгандары болсо ыргылжың.

Жусуп Баласагын атындагы КМУ жалпы тарых кафедрасынын башчысы Айнура Арзыматова бул жыйынтыктар Кыргызстандагы билим берүү менен экономикалык көрсөткүчтүн таасын далили деп эсептейт.
- Бизде мектепке караганда медресе бекеринен көп эмес да, - дейт ал Vesti.kg сайтына. - Сандык көрсөткүчтөр Кыргызстандагы билим берүүнүн деңгээлү өтө төмөн экендигин айгине кылды.
АУЦА алдындагы социалдык изилдөө Борборнуун директору, МУЦА окутуучусу Аида Алымбаева CAAN изилдөөсү чындыкка коошпой калган деп эсептейт.
- Эмне үчүн медресенин окуучулары сумжылоого алынгандардын 25% түзөт? Калыс ждыйынтыкты алуу үчүн элдин ар түрдүү катмарынан жана кокусунан суроо салыш керек болчу, - деп түшүндүрдү ал Vesti.kg сайтына. Ал эми бул изилдөө бир жактуу болуп калган. - Сурамжылоого жашы улууларды да кошуу керек болчу.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

Ой-пикир кошуңуз


Наверх