Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жол кырсыгы 60 пайызга кыскарат: жол эрежесин бузууну тартуучу камералардын ишинен ушундай жыйынтык күтүп жатышат

Эртеңден баштап аппараттар өндүрүштүк форматта иштеп башташат

Бишкек жана Чүй облусунун көчөлөрүндө программалык-аппараттык комплекстин иштөөсүнүн аркасы менен жол кырсыгынын 60 пайызга азайышын күтүп жатышат. Мындай алдын ала маалымат менен мониторинг борборунун начальнигинин орун басары Нурбек Молдогазиев бөлүштү.

- Өткөн айда камералар көчмө режим менен иштеп, эреже бузуулардын саны болжол менен 30 пайызга азайган, - дейт ал. -Эртеңден баштап «Коопсуз шаардын» биринчи фазасын өндүрүштүк форматта ишке киргизишет. Бул деген - бишкектиктер жол эрежесин бузгандыгы үчүн айып пул төлөөнү талап кылган «бакыттын катын» алат деген сөз. Мисалы, ылдамдыкты жогорулатып жиберсе. - «Коопсуз шаарды» ишке ашыруунун биринчи этабынын алкагында 110 АПК орнотуу каралган, - деди байланыш жана маалыматтык технолдогия Мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Кубаныч Шатемиров. - Алардын 20 жылып жүрүүчү комплекстер, 38 жол кесилиштеринде жана 52 трассаларда. Аппараттардын 4 Бишкектин жогорку ылдамдыктагы жолдоруна орнотулду жана калгандары Чүй облусунун жогорку ылдамдыктагы жолдоруна. Эртең 10 жол кесилиштери жана 17 жогорку ылдамдыктагы жолдор менен 20 көчмө комплекстер үзгүлтүксүз иштеп башташат. Быйылкы жылдын бугу айына баарын ишке киргизүүнү көздөп турабыз. Ошондуктан мүмкүн болушунча тартипти сактагыла!

Кубаныч Шатемировдун сөзү боюнча, ар бир көчө кесилиштеринде татаалдыгына жараша төрттөн сегизге чейинки тартып алуучу камераларболот, ага кошумча дагы 8 камера коомдук байкоо салууга жана 2 жалпы тарта турган камера болот.

- Бул деген, бир эле эреже бузууну тартуу эмес, ошону менен бирге кесилиштеги учурда болуп жаткан кырдаалды көзөмөлгө алуу тууралуу кеп болуп жатат, - деп баса белгиледи Шатемиров. Көчө кесилиштериндеги аспаптар эреже бузуунун 7 түрүн тартып эсептейт, ал эми жогорку ылдамдыктагы жолдордо жана көчмө комплекстер 2 түрүн эсепке алат: каршы тилкеге чыгып кетүүнү жана ылдамдыкты ашыра айдоону.

Эгерде көчмө АПК суткасына 8 сааттан иштесе, кесилиштеги камералар күн, түн дебей деп алышсыз иштейт. Ошондуктан айып пулдан качып кетүү мүмкүнчүлүгү жок.

Жылып жүрүүчү АПК иштешин көрсөтүү

Мындай жылып жүрүүчү комплекстин ишин көрсөтүү бүгүн болду. Аппарат аккумулятор менен иштейт, ошондуктан анын иши 8 сааттык кылып бөлүнгөн. Аппараттын дислокациясын күн сайын ЖКККМБ жол кырдаалына аныктап берет. АПК оператор алып келген компаниянын өкүлдөрү тейлейт. Милиция кызматкерлери бул иш аракеттерде аралашышпайт.

- Ар бир минута «Инфоком» байланыш каналы аркылуу берилип турат, деди «Вега» компаниясынын өкүлү Сергей Долгополов.
-Оператор эреже бузууну жок кылып коё албайт. Аба ырайы аппаратка тоскоол боло албайт. Ал 45 градустук суукта бир токтобой үч сутка иштей алат жана 50 градустук ысыкта да иштейт. Долгополов камерадан номерди көрсөтпөй коргоп калуучу «сыйкырдуу пленка» эч кандай жардам бербестигин баса белгиледи. Бирок ошого карабастан интернетте сатылып баштаптыр.

АПК оператору Данияр Ургенов эч кандай чет элдиктерге жана элчиликтин номерлерине жеңилдик болбойт, деп кыргызстандыктарды тынчтандырды.

Айып пулду кантип төлөө керек?

Штраштын бар же жок экендигин egov.kg мамлекеттик кызмат көрсөтүү электрондук порталынан текшерип көрүүгө болот. Ал кызматтан пайдалануу үчүн автомобиль ээсинин персоналдык жеке номерин киргизүү керек, анадан кийин автонун катоо номерин киргизет. Айып пулду сайттан же терминал аркылуу төлөсө болот.

- Азыркы иштеп жаткан кодекс боюнча жарандарга айып пулду төлөө үчүн бир айлык мөөнөт берилет, - деп байланыш жана маалыматтык технология Мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары түшүндүрдү. - Андан соң пения кошула баштайт. Анткени маалымат ЖКККМБ мониторинг борборуна келип түшөт. Анан аны «Кыргызпочтасы» мамлекеттик ишканасына берет, ал аркылуу эки жума аралыгында билдирүү келиши мүмкүн.

Аймактарда кандай болот?

Жылдын аягында кудум ушундай эле АПК аймактарда да иштеп баштайт, деп айтты Кубаныч Шатемиров.

- Бүгүнкү күндө биз «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи этабына техникалык тапшырмаларды жана техникалык экономикалык негиздемелерди жазып бүтүп калдык, - деп айтты ал.

- Мен азыр комплекстердин так санын айта албайм, бирок алар бардык ири шаарларды жана чоң калктуу пункттарда болот. Бир жылдын ичинде алдые алуучу иштерди бүтүрүп, балким ишке да киргизип калышыбыз мүмкүн.

Келечекте «Коопсуз шаар» Кыргызстандын баарын кучагына алат, ЖКККМБ жол кайгуул кызматынын кызматкерлерин кыскартууну көздөп жатат. Бирок бул тууралуу с-з кылууга али эрте, деп белгиледи Нурбек Молдогазиев.

- Аларды кийин башка аймактарга которушат, алар жол кырсыгы болгон аймактарга чыгышат. Биро көчөлөрдө турушпайт, - деди ал. - Бирок мунун баары алдыда боло турган нерсе, жакынкы убакта өзгөрүү болбойт.

Ольга Федорчук
Ольга Федорчуктун сүрөттөрү

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх