Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жаңы кодекстер: дарактарды кыйышат, бирок аны эч ким көзөмөлгө албайт

«Аламүдүн-1» кыйылган бака теректер менен эч кимдин иши да жок

Кыргызстанда шаар ичиндеги дарактарды кыюуга каршы жоопкерчиликтүү мамлекеттик орган жок. Бул тууралуу Токмок шаары, Кемин жана Чүй райондору боюнча Мамэкотехинспекция башкармалыгынын начальниги Эсен Жамангараев билдирди.

Өткөн ишембиде Аламүдүн-1 кичирайонунун Мухтар Ауезов көчөсүндөгү бир нече ири бака теректерди кыйып салышты. Ошол жерде жашаган кишилердин Vesti.kg сайтына айтып берүүсүнө караганда, ал теректерди эч кандай шаар кызматынын жумушчусунун формасы жок кишилер кыйышкан. Кыйылган теректерди жүк ташуучу машина менен алып кетишти.
- Ал бака теректер эч кимге деле жолто болгон эмес болчу, - дейт ошол кичирайондун жашоочуларынын бири. - Куурап калды деп алдашпасын, муна кыйылган дүмүрдү карагыла, типтирүү дарак болчу.
Ушул кыйгандары мыйзамдуубу? Ушул суроого Vesti.kg сайты кызыкты.

Анткени менен сурап биле тургшан эч ким жок болуп чыкты. токой чарбасы жана айлана чөйрөнү коргоо Мамлекеттик агенттиги Vesti.kg сайтына шаардын дарактары биздин мекемеге карабайт деп жооп беришти. Алар бизди экологиялык жана техникалык коопсуздук Мамлекеттик инспекциясына кайрылып көрүүбүздү суранышты. Бирок Эсен Жаманкараев Vesti.kg сайтына жаңы кодекстер күчүнө кирээри менен санитардык кыюулар да, таштанды чогултуу да мамлекеттик инспекцияга карабай калгандыгын түшүндүрүп берди.

- Жаңы кодекске ылайык таштанды, бадал жана башка маселерде эреже бузуулар менен жергиликтүү өзүн өү башкаруу алектенет, ал эми жоруктардын Кодекси боюнча ички иштер Министрлиги, - деп көрсөттү ал.
- Токой чарбасы жана айлана чөйрөнү коргоо Мамлекеттик агенттиги кыюу тууралуу сунуштама акт берет, ал эми жергиликтүү өзүн өзү башкаруу акыркы чечимди кабыл алат. Бизден бардык ыйгарым укуктарды алып салышып, жылаңач калдык.

Демек, баары бир айлана чөйрөнү коргоо Мамлекеттик агенттигиби? Бирок андагылар Vesti.kg сайтына экинчи жолу сурап кайрылганда да кичирайондордогу санитардык кыюуларга тийешеси жок экендигин билдиришти.
- Биз эч кандай акт бербейбиз, - деди маалымат кызматы. - Биз табигый бактар, коруктар менен алектенебиз. Шаар ичиндеги дарактар бизге карабайт.

Ошентип, дарактар дагы кароосуз калышты. Эми жаңы кодекстин авторунун амири менен булардын байланышы үзүлүп калыптыр. Бирок бул бир эле ушундай учур эмес: кудум ушундай эле кырдаал машиналардын айнегин караңгылатууда да болду.

Эске салсак, жаңы кодекстер КР ИИМ ЖКККМБ караңгылаткандардан айып салуу укугун жол жанеа транспорт Министрлигине өткөрүп берип койгон. Анткени менен мекеменин бул укукту кабыл алууга кызматкерлери да, аспаптары да жок болчу. Күлкүлүү кырдаал түзүлгөн: транспорт Министрлиги караңгылатууга айып пул салууга укугу бар, ал эми маичилер аларга токтотуп берүүгө гана укугу бар, экөө эми ээрчишип жүрүшү керек. Кыскасын айтканда, Жамангараев парламент жаңы кодексти кабыл алгандан кийин эки ай өтүп, кайра түзөтүү киргизээрин, санитардык кыюулар кайрадан Мамэкотехинспекциянын карамагына өтөөрүн айтты.

- Анткени ким каалаганын кыят, ким каалаган жерге курат, - дейт ал. Албетте, башаламандык болот.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх