Бишкектик маршруткачылардын укмуштуудай оңолгондорун видеого тартып алышты (видео)
«Коопсуз шаар» долбоору биринчи эле күнү жыйынтыгын берди
Бишкекте «Коопсуз шаар» долбоору ишке киришти. Ордо калаанын бир нече жол кесилиштеринде камералар жолдо жүрүүнүн эрежесин бузгандарды каттоого алып жатат.
Анын майнабы көп күттүрбөй эле чыгып калды. Биринчи эле күнү авто айдоочулардын тартиптүү боло түшкүндүгү байкала түштү.
Ошентип, бишкектик киши маршрутканын айдоочулары кантип тартипти зымпыйта сактап калышкандарын тартып алган.
Ал киши маршрутка айдагандар кантип тартиптүү болуп калышкандарын, өз тилкелеринде башкаларга жолто болбой жана авариялык кырдаал түзбөй айдап жатышкандарын кубануу менен айтат.
Манас Көлбаев
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз