Коюлган видеокамералардын аркасы менен жакында жолдогу тыгын азаят (сүрөт)
ЖКККМБ Бишкекте кошумча жол белгилери жана светофорлор коюлаарын билдирет
Бишкекте Үмөталиев жана Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде дамаамат жол кырсыгы болуп турат. Анын себеби ал жерде светофордун, жол белгилеринин жана аялдап өттүүчү белгинин жоктугунан.
Болот Ибрагимов деген жигердүү жаран бул аймакта болгон авто кырсыктардын сүрөттөрүнүн топтомун жарыя кылды.
{gallery}dtp{/gallery}
Бирок жакын арада бул коркунучтуу кесилиште көйгөй чечилгидей эмес. ИИМ ЖКККМБ билдиргендей, светофор орнотуу маселеси чечилип жатат.
- Учурда комиссия түзүлдү, - деп белгиледи ЖКККМБ. - Бишкек шаары боюнча ордо калаанын мэриясынын жана жол кыймылын көзөмөлдөө кызматкерлери коркунучтуу аймактарды изилдөөнү жүргүзүшөт.
«Коопсуз шаар» долбоору ишке киргенден бери автоунаа ээлери жол тыгынына арызданып жатышат. ЖКККМБ кошумча белгилер баары бир орнотулаарын маалымдашты.
- Кайсы кесилиштерге кошумча секундалар берилээри жана кайсы кесилиштерге кошумча белги коюлаары изилденип жатат, - деп сөзүн бүтүрдү мекемедегилер.
Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www