×

Предупреждение

JFolder: :files: Путь ведёт не к каталогу. Путь: [ROOT]/images/dtp
×

Внимание

There was a problem rendering your image gallery. Please make sure that the folder you are using in the Simple Image Gallery Pro plugin tags exists and contains valid image files. The plugin could not locate the folder: images/dtp
×

Ошибка

[SIGPLUS_EXCEPTION_SOURCE] Image source is expected to be a full URL or a path relative to the image base folder specified in the back-end but dtp is neither a URL nor a relative path to an existing file or folder.
Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Астанадагы кыргыз мугалими Дүйшөн (сүрөт, видео)

Дүйшөн Шаршенов Астанадагы кыргыз мигранттарынын балдарына эне тилин үйрөтөт

70 жаштагы мугалим Шаршенов Vesti.kg маалымат агенттигине Астанадагы кыргыз балдарга “Кыргызстан-Астана” улуттук маданий бирикмесинин Жекшембилик мектебинде эне тилди үйрөтүү аракеттери тууралуу айтып берди.

-Дүйшөн мырза, Казакстанга кантип келип калдыңыз?

Таласта туулуп өстүм. Каракол шаарындагы педагогикалык институтту бүтүрүп, Кара- Балтадагы мектептердин биринде директор болуп иштедим. Андан соң Эл агартуу министрлигинде сегиз жылдай эмгектендим. Кийин мугалимдик билимди өркүндөтүү боюнча институтка кафедра башчылыгына которушту. Ал жерде иштеп турганда Союз кулап, жумуш орундары кыскарып кетти. Ошентип жүрүп бир күнү Казакстандын элчисине кайрылдым. 2005-жылы элчилик аркылуу Астанага келдим. Шаардагы мектептерде кол өнөрчүлүк, сүрөт сабактары боюнча мугалим болуп иштедим. 2012-жылы пенсияга чыктым, бирок мугалимдик ишимди улантып келем. 2015-жылдан бери “Кыргызстан-Астана” улуттук маданий бирикмесинин “Кут Билим” аттуу жекшембилик мектебин жетектеп келатам.

- Жекшембилик мектеп 2007-жылы Казакстан Калкы Ассамблеясынын колдоосу менен ачылган экен. Максаты кандай?

Максатыбыз Астанадагы кыргыз балдарга эне тили аркылуу кыргыздын үрп адаттарын, каада салтын, бийин, кол өнөрчүлүгүн, мекенибиздин тарыхын үйрөтүү болуп саналат.

Кандай сабактер берилет?

Тил эки деңгээлде окутулат. Биринчи деңгээлде 5, 6 класстар, экинчисинде 7,8 класстар окуйт. Окуу программасы кыргыз тили жана адабияты тарыхы, кыргыз улуттук ыр-бийлери, улуттук музыкалык аспаптар, хорегографиялык бий тобу, кол-өнөрчүлүк жана Манас таануу сабактарынан турат.

-Жекшембилик мектепти Гали Орманов атындагы №7 мектеп гимназиясында ачууга эмне себеп болду?

Астанадагы кыргыздардын басымдуу бөлүгү соода тармагында иштейт эмеспи. Алар базарларга жакын жайгашкан аталган мектептин тегерегинде жашашат. Балдары да ушул мектепке келип окушат. Аталган мектепти тандообуздун себеби мына ушунда.

-Мектепте канча кыргыз бала окуйт?

Мектепте 300гө жакын бала бар.

 

-Жекшембилик мектепке ушул балдардын канчоосу келет?

Кыргыз тилин үйрөнүү боюнча эки класс бар. Ар биринде 20дан болгондо жалпы 40 окуучуга ылайыкташтырылган. Биз класстарды кыдырып, кыргыз тилин үйрөнүүнү каалаган балдарды тандап алабыз. Бирок кыргыз тил сабактарына балдардын катышуусу начар болуп жатат.

Эмне себептен?

Айрым ата-энелер Жекшембилик мектепке кайдыгер карашат. Мисалы базарда иштеген ата-энелер жекшемби күндөрү балдарын базарга алып кетип калышат же үйүндө бөбөктөрүн каратып коюшат.

-Бул тууралуу ата-энелер өздөрү эмне дейт?

Алар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз. Сабактар бекер экенин айтабыз. Бирок жыйынтык начар. Айрымдар балдарын жибере албай тургандыгын ачык эле айтышат. Аларга айтар элем, биздин аракетибизди жогору баалашса. Сабактар балдардын билим деңгээлинин өркүндөшүнө салым кошоруна ишенем.

-Сабактар 40 окуучуга ылайыкташтырылган дедиңиз. Балдардын саны көбөйүп кетсе, сиздерде тил үйрөтүүгө мүмкүнчүлүк жетеби?

40 балага тил үйрөтүү мүмкүнчүлүгү бар, бирок учурда алардын жарымы гана келип жатат. Бул ишибизди артка тартууда.

-Эне тилин такыр билбеген кыргыз окуучулар кездешеби?

 


Балдар мектепте орус класстарда окуйт. Бирок эне тилди такыр билбеген балдар бизде жок. Балдар казакчаны дагы мыкты өздөштүргөн. Бирок билишимче баары үйүндө кыргызча эле сүйлөшөт.

-Казакстанда жашаган башка улуттар дагы эне тилдерин үйрөнөбү?

Казакстанда 130дан ашык улут жашайт. Казакстан Калкы Ассамблеясынын алдында кыргыз, өзбек, поляк, беларус жана башкалар болуп, жалпысынан 12 жекшембилик мектеп иш алып барат. Ал жерде ар бир улут өз эне тилин үйрөнөт. Казакстанда эне тилибизди үйрөнүп жатканыбыз чоң сыймык.

Алия Самидин

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх