Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Колу чынжыр менен байланган окуучу кызды Жалал-Абаттын автобекетинен табышты

Милициянын маалыматы боюнча, кыз апасынан качып, бошонуп чыккан

Жалал-Абат облусунда колунан чынжыр менен байланган окуучу кыз автобекетте каңгып жүргөн. Аймактык ИИБ маалымат кызматы билдиргендей, өз атасын өмүрүндө көрбөгөн өспүрүм кыз, ага качып баргысы келген. Укук коргоочулардын билдиргенине караганда, ал кыз үйүнөн мурун да бир нече жолу качкан.

Ал автобекеттен быйылкы жылы бирдин айынын он төртүндө табылган, - дейт милициядагылар. - Кыздын тогузунчу класста окугандыгы аныкталды. Ата энеси ажырашып кетишкен, атасын бир да жолу көргөн эмес. Бирок үйүнөн дайыма качып, атасына кеткиси келет.

Ал ортодо ЖМК кыздын апасы аны сабап, чынжыр менен байлап салгандыгын билдиришет. Милициядагылар Vesti.kg сайтына учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалгандыгын түшүндүрүштү.

- Кызды социалдык коргоо кызматкерлерине өткөрүп беришти, алар аны реабилитациялык борборго орноштурушу керек.
Кыргыз Республикасынын социалдык өнүктүрүү жана эмгек Министрлигинде бул факт боюнча тийешелүү чаралар көрүлөөрүн Vesti.kg сайтына билдиришти. Тагыраак маалыматты кийинчерээк беребиз.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх