Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек мэриясы: Биз атылган иттерди корей кафелерине бербейбиз

Ордо калаанын тургуну иттин этинен жасалган шорподон чачма коргошун окту таап алды

Бишкектиктер иттин этинен жасалган шорподон коргошун окту таап алды. бул туурасында Akipress өзүнүн «Репортер» рубрикасында билдирет.

ЖМК маалыматтары боюнча, коргошун ок Шербакова көчөсүндө жайгашкан корей кафесинен табылган.

Ал ортодо «Бишкек айбанаттарды коргоо» тобунун жигердүү жарандары фейсбук социалдык тармагында «Тазалык» муниципалдык ишканасы тентимиш иттерди атып этин корей кафесине тапшыраарын билдиришти.

Vesti.kg сайты Бишкек мэриясына комментарий үчүн кайрылды. Мэрдин кеңешчиси Гуля Алмамбетова активисттердин билдирүүсүн четке какты.

- Биз андай чачма коргошун ок менен атпайбыз, - деп түшүндүрдү ал. - Андан сырткары ар бир атылган дүрмөт эсепке алынып турат. Этти кафеге тапшырбайбыз. Ар бир атылган ит өлгөн жаныбарларды көмүүчү чуңкурга көмүлөт.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх