Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандыктар бөйрөк салдырганга акча топтоо үчүн кайыр сураганга мажбур болушат

Депутат өлкөгө органдарды алмаштыруучу борбор ачууну сунуш кылды

Индияда органдарды алмаштыруу Кыргызстандагыга караганда арзан. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Карамат Орозова билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө 260 адам боор жана бөйрөк алмаштыруу үчүн Индияга чыгып кетти.
 
- Мамлекет 14 миллиард сомду саламаттык сактоого бөлүп жатат, - деп белгиледи ал. - Ошто 15 орундуу оорукана ачылып жатат, Бишкекте кыргыз-түрк достугу ооруканасы, Баткенде да ачабыз деп жатышат. Дарыгерлерди окууга жиберип, боор менен бөйрөк алмаштыруу Борборун ачууну караштырса болбойбу?

Ошону менен бирге Карамат Орозова кыргызстандыктар операцияга акча топтоо үчүн кайыр сураганга мажбур болуп жатышкандыгын кошумчалады.

- Көп акча талап кылынат, биздин жарандарыбыз аны кайыр суроо жолу менен чогултушат, - деди эл өкүлү.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх