Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Маршруткалардагы видеокамералар - арга кеткендеги иш»

ИИМ алдындагы коомдук байкоочу Кеңеш  кирекечтердин фирмасы коомдук транспортторго байкоочу приборлорду коюуга барышат дейт

Маршруттук таксилерге видекамераларды орнотуу чөнтөкчүлөрдүн алдын алуучу чара. Бишкек ИИМБ сунушу тууралу  мындай деген пикирин Vesti.kg сайтына Кыргыз Республикасынын ИИМ алдындагы коомдук байкоочу Кеңештин төрагасы Ялкун Даутов айтты.

- Чөнтөкчүлүк чынында эле аябай көп болуп жатат, - деп мойнуна алат ал. - Эгерде карап турган видео болсо, анда уурулардын өздөрү да ьир аз сестенип калышмак. Уурулук ачылбаса да, эми бир аз жеңилдеше түшмөк.

Даутов көп мамлекеттерде видеокамера коомдук транспортторго заводдун өзүнөн коюлуп чыгаарын белгилеп кетти.

Белгией кетчү нерсе, Маршруттук бустардын ээлери чиновниктер сунуш кылган жаңылыкты жаза катары көрүп чочуп жатышат. Мисалы, көптөрү мэрия бекер беребиз деген ак  көйнөк менен жилеттерден баш тартышкан. Анткени камерага аларга жумуш берген компания акча коротот да. - Буга баары макул болот деп айта албайм, бирок кирекечтердин фирмасы укук коргоочуларга кол кабыш кылышса жакшы болмок, - дейт КБК мүчөсү. Мэриянын коомдук жайларга камера коёлу деген сунушу эсиңиздердеби? Эми ошол камера коюлган жерлерде кылмыштын бети көбүнчө эле ачылып жатат.

Бишкек ИИМБ маршруткаларга видеокамера орнотууну сунуш кылат. Бул ой маршрутка айдагандардын Бирикмесинин башчысы жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен жоолугушуу учурунда айтылды.

«бул нерсе чөнтөк уурулукту жок кыла албаса да азайтаар эле, - дейт Бишкек ИИМБ начальниги Канат Жумагазиев. - Негизинен уюлдук телефондорду жана акча уурдалат».

 СКМ начальниги Улан Айтбаев №214 маршруттук каттамда ар бир буста камера бар. 2018-жылы анда болгону бир гана чөнтөкчүлүк болгондугун каттоого алышкандыгын айтты.  

ИИМ маалыматы боюнча, 2019-жылы үчтүн айы боюнча 7 млн. 20 миң сомдук чөнтөк уурулук болду. Чөнтөк уурулуктун 90 пайызы «час пик» убагында болгон. Ал убакта жарандар жумуштан үйлөрүна кайткан же бараткан убак болот.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх