Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Жол белгиси жок, бирок айдоочу өзү түшүнүшү керек». Маичи кыргызстандыктарды таң калтырды (видео)

Чүй облусунун ЖКККБ өздөрүнүн укмуштуудай кызматкеринин сөзүн чечмелеп беришти

Элдүү пункттарда жолдо тийешелүү белгилердин турушу зарыл. Бул тууралуу  Vesti.kg сайтына Чүй облусунун ЖКККБ маалымат кызматы айтты.

- Чүй - Кемин жолундагы калктуу пунктунун башталышында белги бар болчу, бирок биз азыр видеодон көрүп тургандай, ал белги жок, - дешет андагылар.
- Азыр биз кызматкерибизди жагдайды түшүндүрүү үчүн жибердик. Балким ал белгини кимдир бирөө алып кетип калгандыр, же болбосо сүзүп кеткендир. Бирок ал жерге тез арада белги коюлат. Калктуу пункттарда саатына ылдамдыкты 60 километрден ашырып айдоого болбойт. Бирок жаңы эреже боюнча саатына 80 километрден ашпоо керек, андан ашса айып пул салынат.

Түшүндүрө кетели, социалдык тармактарда айдоочу менен маичинин маектешип жаткан видеосу таркаган. Чүй - кемин жолу менен бараткан жаран жол боюндагы калктуу пункт бар экендигин билдирген белгини тапкан жок. Ал ЖКККМ кызматкеринен кокусунан жогорулатып жиберген ылдамдык үчүн айып пул төлөйбү деп сурады. Ал калктуу пункттарда ылдамдыкты жогорулатпоону айдоочу өзү билиши керек деп жооп кайтарды.

Медина Купсулдаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх