Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Москвада кыргызстандык таксист 1 миллион рублду жүргүнчүгө кайрып берди

Жигит кредитке алган чоң өлчөмдөгү акчаны баштыгы менен унутуп кетип калган

Москвада кыргызстандык таксист автоунаанын салонуна жүргүнчү унутуп калтырып кеткен 1 миллион рублду кайтарып берди.

Мекендешибиздин бул кылган жакшылыгы унутулган баштыктын ээси социалдык тармактан видеокайрылуу жасап ыраазычылык билдирген соң белгилүү болду.

Super.kg порталы 27 жаштагы Нурсултан Кайназаров менен байланышып, окуянын чоо жайын толугу менен уккан.

«Бирдин айынын жыйырмасы түнү «Домодедово» аэропортунан бир жаш жигитти алып кетип бараткам. Көрсө, ал менин унаама акчасын унутуп таштап кетиптир. Чынын айтсам, мен баштыкчаны аны жеткиргенден кийин 12 саат өтүп анан байкадым»,- деп түшүндүрдү ал.

Жалал-Абат облусунун тургуну Кайназаров ал кайтарып берген акчаны ал киши кредитке алганын тактады.
«Көрсө, алар акчаны Дагестанда кредитке алышып, Москвага кайрылып келе жатышкан экен. Алар видеокайрылуу аркылуу менин апамды алкашып, мага жакшы тарбия бергендиги үчүн ыраазычылык билдиришти. Апам мени менен сыймыктанып калды», - деп кошумчалады ал.

Нурсултан Кайназаров 2012-жылдан бери Москвада иштейт.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх