Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бул окуучулардай болуп Кыргызстандын гимнине түздөнгөн адамдар чанда жоолугат (видео)

Ордо калаанын №4 гимназиясынын сабакка кечиккен окуучулары өздөрүнүн мекенчилдиги менен ичти жылытты

ЖМК №4 гимназиянын мектеп-гимназиясынын окуучуларынын ата энелери тарткан видеону таркатышты. Видеонун авторунун сөзү боюнча, ал өзүнүн уулун мектепке алып келген. Үчүнчү класстагы Илимбек сабакка кечигип калган. Мектепке атасы экөө мектепке чуркап кирип төмөнкүдөй көрүнүшкө туш болду: Сабакка кечиккен окуучулар көкүрөктөрүнө колдорун алып, токтоп калышты. Күү бүткүчө күтүп турушуп, окуучулар сабактарына кетишти. Илимбектин атасын бул көрүнүш кубантты, ошондуктан ал тартып алууну чечкен.

Vesti.kg сайты ордо калаабыздын №4 гимназиясынын администрациясы менен байланышууга аракет жасады. Окуу жайдын ички тартиби ушундайбы же балдардын мекенчилдигиби билүүгө аракет кылдык. Бирок окуу жайдын жетекчилиги комментарий учүн жеткиликсиз болду.

Медина Купсулдаева
Сүрөт www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх