Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жүргүнчүгө миллион рублин кайтарып берген кыргызстандык таксисттин апасын Дагестанга чакырышты (видео)

Ал аялды баласына жакшы тарбия бергендиги үчун видео кайрылуу менен ыраазычылык билдиришти

Дагестандын москвалык таксиде 1 миллион рубль акчасын унутуп кеткен жарандары, Кыргызстандан барган айдоочунун апасына туура тарбия бергендиги үчүн алкыш айтышты.

Ак ниет жигиттин апасына болгон видеокайрылуу Instagram социалдык тармагында шардана болду.

Тасмада аял Нурсултан Кайназаровдун ата энелерин Махачкалага конокко чакырат.

«Ушундай тарбиясы жакшы уулду өстүргөн силерге рахамт. Биз анын машинасына бир миллион рубль жана паспортторубузду унутуп кетиптирбиз. Ал бизге баарын кайрып берди, эми кайра бизди аэропортко жеткирип баратат», - дейт ал.


Мурдараак Vesti.kg сайты Кыргызстандан барган таксист жигит Москвада машинасына жүргүнчүлөр калтырып кеткен бир миллион рублду кайтарып бергендигин жазган болчу.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх