Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кызматтык машинаны «чимирилткен» милиционердин кайда иштээри аныкталды

Эреже бузуу фактысы боюнча кызматтык иликтөө башталды

Кызматтык автоунааны «чимирилткен» милиционер Талас облусунун ЖККОБ инспектору болуп чыкты. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына ИИМ маалымат катчысы Бакыт Сеитов билдирди.

- Тармакта жарыя кылынган видео изилденди, - деди ал. -Текшерүүнүн жүрүшүндөкызматтык машина Талас облустук жол коопсуздугун камсыздоо Башкармалыгына тийешелүү экендиги аныкталды. Бул факт боюнча ИИМ ички иликтөө кызматы кызматтык иликтөөсүн баштады.

Эске салсак, мурда Vesti.kg сайты ИИМ ЖКККМБ комментарий үчүн кайрылган. Мекеменин маалымат кызматы машина жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо Башкармалыгыныкы экендигин ырасташкан.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх