Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Себаттын» окуучусун кордоо. Текшерүү жүргүзүүнү билим берүү Министрлиги чечет

Бишкектеги лицейдин бүтүрүүчүлөрү аларды ички шымчан туруп түрк гимнин ырдоого, ажаткананы жылаңач кол менен жууганга жана казга окшоп беш жолу айланып басууга жана башка нерселерге мажбургандыктарын айтып беришти

Өткөн жумада болсо, Бишкектеги түрк мектебинин директору үчүнчү класстын окуучусуна тийишип кыргызстандыктарды кыжырдантты эле.
Окуу жайындагы сексуалдык ыдык көрсөтүү тууралуу депутат Ирина Карамушкина бирдин айынын жыйырма биринде Жогорку Кеңештин трибунасынан туруп айткан.
Андан сырткары, жабыркаган бала Ж.К. апасы Vesti.kg сайтына 9 жаштагы баланы зордуктоого аракет кылган директор Омер Айдын тууралуу айтып берген эле.

Бул окуялар башка «Себат» түрк лицейинин бүтүрүүчүлөрүнүн аларды окуу жайда кордогондугу тууралуу айтып берүүгө түрткү берди.
Twitter социалдык тармагынын колдонуучулары хештег #metoosebat коё беришип жана лицейдегилердин жашоосундагы окуяларды бөлүшүшкөн.

«Бизди уктабай сүйлөп берип тургула деп «Айчүрөк» жатаканасынын башчысы тургузуп койду. Бизди экзамен болоордун астында суукка ич кийимчен тургузуп алып, көзүңөргө жаш алып түрк гимнин ырдагыла деди. Өзүболсо диванга жатып алып маашырланып жатты. Жанга батты», - дейт @vvildeville колдонуучу.

«Биздин мектептин завучу чоң класстарга атайын кичүү класстагыларды урганга убакыт бөлуп берчү. Бизди 30-50 кылып класстарга киргизип, 10-15 чоң класстын балдары кезектешип тумшукка согушчу, ичке тебишчү. Ал эми ушул кезде эшиктин түбүндө завуч турчу», - деп бөлүшөт @adilet_baimyrza.

«Чамасы, бул алардын лицейчилерге арналган курмандыгы бейм. Алгачкы жылдары бизди ажаткананы жылаңач кол менен жуудурчу, кол кап кийгенге мүмкүн эмес болчу, ич кийимчен казга окшотуп басып, мектептин аймагын 5 жолу айланчубуз. Бир жолу түну менен бир буттап турганыбыз эсимде», - деп жазат @ilyr_46.
«Бизди жетинчи классыбызда укпай койгондугубуз үчүн белибизге чейин чечинтип туруп, usb кабели менен сабачу. Бир жолу бир баланын колун сындырып салды. Биздин жонубузга таптап, деги эле кыйшаңдап бизге жакындап кармалаганды жакшы көрчү. Жакшы көргөн окуучуларына белек берчү», - деп айтат @pool_312.
Бирок бардык эле окуучулар физикалык жана психологиялык басымга дуушар болгон эмес.

«Силер мындай окуяларды оюңардан сыгарып жатасыңар. Эң жакшы жылдарым Себатта өттү. Мен ал жактан эң жакшы билим алдым, дос күттүм, күйөөмдү жоолуктурдум. Рахмат сага Себат! Ар ким ардеке дей берет, ишенбегиле», - деп жазат @iskenderkyzy312.

Депутат Ирина Карамушкинанын билдирүүсү боюнча, түрк мектебиндеги балдарга тийишүү тууралуу текшерүү башталды. Бул тууралуу Кыргызстандагы Түркиянын элчилиги билдирди.

Ал эми «Себаттын» бүтүрүүчүлөрүнүн арызынын фактысы боюнча текшерүү болор болбошу азырынча белгисиз. Канткен күндө да илим жана билим берүү Министрлиги буга окшогон чыгарылышытарга көңүл буруп башташты.

- Биз лицейдин кошо түзүүчүлөрүнөн болуп саналабыз деп комментарий беришти билим берүү Министрлигинен Vesti.kg сайтына. - Учурда биргелешип чогулуш өткөрүүнү демилгелеп жатабыз, анда текшерүү тууралуу маселе каралат.
Белгилей кетели, Кыргыз Республикасынын билим берүү Министрлиги менен түрк «Себат» билим берүү бирикмесинин ортосунда өз ара кызматташтык келишимине 1992-жылы бугу айынын экисинде кол коюлган.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх