Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Ош базарында элдер түкүрбөй калышты»

Жогорку Кеңештин депутаты колу бош убакта шапкесин баса кийип, базар аралай тургандыгын айтып берди

Жаңы Кодекстер күчүно киргенден кийин Ош базарында элдер түкүргөндөн коркуп калышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин коррупцияга каршы жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин жыйынында депутат Камчыбек Жолдошбаев айтты.

- Мен бош убактымда шапкемди баса кийип, Ош базарынын айланасын, Кулиева жана Бейшеналиева көчөлөрүн кыдырып чыгам, - дейт ал. - Ал жерде элдер түкүрбөй тартиптүү болуп калышыптыр. Мен муну менен ИИМ башчысы Кашкар Жунушалиевге жагынайын деп жатканым жок, бирок элдер мындан ары түкүрбөйт эми.

Эске салсак, эреже бузуулар тууралдуу жаңы Кодекстерге ылайык түкүрүккө 5 500 сом өлчөмүндө айып пул салынат. Азыркы учурда мыйзамга өзгөртүү киргизүү каралып жатат. Айып пулдун өлчөмүн 1000 сомго түшүрүү сунушталып жатат.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх