Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жогорку Кеңештин депутаты: Жакында арак да «халал» болот

Дастан Бекешев «халал» деген сертификатты ар бир эле каалаган адам сатып ала берет деп кабатыр болот

Кыргызстанда «халал» деген сертификатты юридикалык текшерүүсүз эле эркин сата беришет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев билдирди.

Эл өкүлү өкмөттү бул документтин берилишине көңүл буруп коюа чакырды

- Бизде бардык нерсе «халал» болуп кетти, жакында аракты да ошентип сатышат, - дейт ал. - Сертификатты каалагандай сатып жатышат. Бул процедура юридикалык жактан текшерилбейт.

Депутаттар «Кыргыз Республикасындагы органикалык айыл чарба өндүрүшү тууралуу» мыйзамдолбоорду экинчи окууда карап жатышат.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх