Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда өспүрүмдөр арасында «48 саатка жоголуп кетүү» деген коркунучтуу оюн пайда болду (сүрөт)

Эреже боюнча окуучулар үдөн чыгып кетип, расмий издөө салынышы керек

Социалдык тармактын кыргыз жамаатында өспүрүмдөр үчүн «48 саатка жоголуп кетүү»
оюн пайда болду. Анын эрежеси боюнча үйдөн чыгып кетип, ага расмий издөө жраыяланышы керек, ошону менен бирге эмнеге кеткендигин айтпашы керек. Аны канчалык көп адам издесе ошончолук жакшы болот.

Vesti.kg сайтынын редакциясына Бишкек ИИМБ ордо калаа муниципалитетинен мектеп жетекчилери, ата энелер менен алдын алуу иштерин жүргүзүүнү сунуштаган докумен келип түштү.

Ал ортодо Бишкек мэриясынын билим берүү Башкармалыгы бул катты чындап эле алгандыгын Vesti.kg сайтына ырастап берди.

- Бул маселе менен адистер алектенип жатышат, маалымат бардык директорлорго таркатылды, - деп белгилешти мекемедегилер.
- ИИМБ менен биргеликте маалыматтык коопсуздук маселеси боюнча чогулуш кылууну көздөп жатабыз. Андан сырткары, биздин кызматкерлерди интернет сайттардын иши боюнча окутуп жатабыз. Бул ишке психологдор да тартылды.

Билим берүү Башкармалыгында мындай оюн менен тааныштыктары бар экендигин эске салышты.

- Бизде «Көк кит» деген оюн болгон, - деп эскертти мекемедегилер. - Мындай кырдаалда маалыматтык иштер мааниге ээ экендиги белгилүү болду. Бүгүнкү күндө бул оюнда канча баланын ойноп жаткандыгы тууралуу маалымат жок.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх