Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жогорку Кеңештегилер итке калпак кийгизген окуяны эстешти. Талаш-тартыш кызыды

Дастан Бекешев улуттук баш кийимди тийешелүү мыйзамсыз деле сыйлай берсе болот, деп кесиптештерине жанталашып жатты

Кыргызстанда ак калпакка маданий символ деген макам берүүнү сунуш кылышты. Жогорку Кеңеште тийешелүү мыйзамдолбоорду биринчи окууга киргизишти.

Бул долбоордун демилгечилери Экмат Байбакпаев менен Бакирдин Субанбеков парламентте ак калпак кийип алышып доклад окушту.

- 2016-жылы мен Перудагы көргөзмөдө болдум, биздин адистер чемоданын жоготуп жиберип, биздин дубалыбыз бош калды, - дейт Байбакпаев. - Мен буюмдарымды чыгарып атыпбиздин улуттук баш кийимибизге кызыгып калышкандыктарын байкадым. Мен ошондо ушул мыйзамдолбоорду иштеп чыгууну алдыга максат кылып койгом. Мен документти даярдагыча эки жыл өтүп кетти. Ушул мегил ичинде итке калпак кийгизген окуя болуп өттү. Алар биздин ак калпагыбызды итке кийгизип, бизди кордошту.

Долбоордун демилгечиси ак калпакты барктабаган жаранга 1000 сом айып пул салынат, юридикалык жактар болсо 5000 сом салынсын деп билдирди.

Депутаттардын баары эле бул мыйзам долбоорду колдой беришкен жок. Тактап айтканда Дастан Бекешев Кыргызстанга бул мыйзам керекги жок деп билдирди.

- Жазылган жана жазылбаган мыйзамдар бар, - деп баса белгиледи ал. - Бул салт экинчисине таадык. Эгерде биз бул мыйзамды кабыл алсак, эмкиде элечек комуз ж.б. болуп кете берет. Биз ак калпакты сыйлайбыз, бирок бул мыйзам бизге кереги жок.

Депутат Экмат Бабакпаев өз кезегинде кыргыздын баш кийимин итке кийгизген учурду эске салды.

- Ошол убакта юрист катары кайда журдуңүз эле? Азыр сиздин позицияңыз кандай? - Андан сырткары, Кытайдан сапаты жаман калпак алып келип жатышат. Муну көзөмөлгө алуу керек.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх