Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат Камчыбек Жолдошбаев «Алтын кепич» сыйлыгынын ээси болду

Эл өкүлү парламенттин трибунасынан орунсуз сөздөрдү сүйлөгөндүгү үчүн сыйлык алды

Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаевге «Алтын кепич» деген наам ыйгарышты. Бул тууралуу «T-Media Group» сайтында бул наамдын эл өкүлүнө ыйгарылгандыгы айтылат.

Эл өкүлү парламенттин трибунасынан орунсуз сөздөрдү айткандыгы үчүн ага «Алтын кепич» наамы ыйгарылды.

«T-Media Group» сайтынын окурмандарынын арасындагы сурамжылоонун натыйжасында ал жеңүүчү болуп чыккан.
Элдер депутаттын эң эле орунсуз сөзү, анын кесиптештеринин Жогорку Кеңешке маршрутка менен келгени үчүн уялам деген сөзү деп табышты. Андан да карышкырларды танк менен атып жок кылуу сунушу элдерди таң калтырган.

Эстеликти Камчыбек Жолдошбаевге азырынча тапшыра элек. Басылма депутатты эгерде Ошко келип калса, кирип сыйлыгын алып кетсин деп сунуш кылат.
Депутаттын өзү болсо комментарий үчүн жеткиликсиз болуп жатат.

Манас Көлбаев
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх