Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Көчмөндөр ааламына» барган кыргызстандык конокторго адептүү болгула деп айтышат

Кыргызстандын делегациясынын мүчөлөрү тамакка эт бетинен кетип, официанттарды шаштырып, ышкырышат

«Көчмөндөр ааламы» Эл аралык этнофестивалынын кыргызстандык делегациясына жүрүш-туруш эрежеси боюнча маек өткөрүшөт. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдирди.

Бул талкууга фейсбук социалдык тармагынын колдонуучусу Бегимай Жаныбекова жарыя кылган сүрөт жем таштады. Сүрөттө бир нече ак калпакчан кишилер столдо чаржайыт отурушкан.

«Швед столун уюштурушту, бирок ал бизге жарашпайт экен», - деп түшүндүрөт Жаныбекова. - Элдер тобу менен тамакка эт бетинен кетти, айрык ча эркектер катуу жулунушту. Табакка тоодой кылып үйүп алып, номерине суусундуктарды жашиги менен алып кетип жатышты. Анын натыйжасында калган элдер ачка калышты. Баарынан кейиштүүсү алып кеткендерин толук жебестен столго калтырыпкетишти.

Айрымдары эрте эле келип алышат. Кызматчы дасторконду жая элек болсо, шаштырып кыйкырып, ышкырышат. Алар мунун баарын араптар видеого, сүрөткө тартып жатышкандыгын эсепке алышы керек болчу. Алар менимче кыргыздарды көрүп эстери ооп калышты көрүнөт.

Ошону менен бирге маданият Министрлигинин башчысы Vesti.kg сайтына кыргызстандыктарга коомдук жайда өзүн алып жүрүү боюнча нускама өтөөрүн түшүндүрдү.

- Мен ал кишилердин аттарын билбейм, - дейт ал. - Сүрөттү ЖМК көрдүм. Мен ал жакта фестивалдагы биздин кызматкерлерден аларга коомдук жайда өзүн алып жүрүү боюнча түшүндүрүп маектешип коюуну өтүнөм. Кай жерде жүрүшкөндөрүн унутушпасын.
«Көчмөндөр ааламы» этнофестиваль Сауд Арабиясында өтүп жатат.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх