Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Осол болгон Сауд Арабиясына барган кыргызстандыктар журналист кызды күнөөлөштү (видео)

Этнофестивалдын катышуучулары ал кыз сүрөттү коомчулуктан жашырышы керек болчу дешет

Кыргызстандык делегациянын Сауд арабиясын «Көчмөдөр ааламы» фетивалына катышуу үчүн барган мүччөлөрү социалдык тармактагы алардын жүрүштуруштары тууралуу сынга жооп беришти.

Белгилүү болгондой Тармакта жарыланган сүрөттө Ысык-Көл облусунун көк бөрү боюнча курама командасынын оюнчулары болчу.

Этнофестивалдын катышуучулары табакка тоодой кылып тамакты үйүп алышпагандыгын, суусундуктарды жашиги менен алышпагандыгын жана алардын айынан эч ким ачка калбагандыгын айтышты. Ошондой эле спортсмендер эч кандай официанттарды чакырып кыйкырып ышкырбагандыктарын билдиришти.



Андан сырткары, алар журналист кыз Бегимай Жаныбекованын тармакка сүрөттөрдү чыгаргандыгын туура эмес иш деп эсептешти.

«Бегимай Жаныбекова атын чыгарып алды. Азамат! Кыргыздарды каралаган сүрөттөрүңдү тармакка жарыя кылышты уланта бер. Журналисттер бул жерде кыргызстандыктардын кантип даярдык көрүп жаткандыгын көрсөтпөгүлө, жалаң гана жаман жактарын чыгаргыла. Бүт дүйнөгө шерменде кылгыла», - дейт чыгарылышта.

Ошону менен бирге алар Жаныбекова улуулардын этнофестивалдын кичүү катышуучулары менен кылган маегин көрсөтүшү керек болчу, деп кошумчалашты.
«Бири бирибизди колдогондун ордуна, баарын тескери кылабыз. Ошол күнү иш чаранын уюштуруучулары өз иштерин аткара алышпай, тамакты да өз убагында беришкен жок. Элдин баарын бир ашканага киргизген учурда ушундай кырдаал болот.
Айрыкча спортсмендер менен шаарда чоңойгон журналист кыз бир ашканада болуп калса жаман болот», - деп сөзүн аяктады автор.

Эске сала кетсек, кечээ социалдык тармактарда Кыргызстандан Сауд Арабиясына барган делегаттардын сүрөттөрү жарыя кылынган болчу.

Сүрөттө бир канча ак калпак кийген кишилердин столдо чаржайыт отургандыгы кыргыз интернет колдонуучуларынын жинин келтирген.

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов өз кезегинде бул окуянын катышуучулары менен сүйлөшүү болот деп билдирген Vesti.kg сайтына.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх