Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Коньяктын этикеткасындагы инсандар. Ичишет жана кара жоргого бийлешет (видео)

Кыргыз таануучунун ою боюнча, белгилүү инсандардын атын алкоголдук өнүмдөргө пайдалануу бизде кадыресе көрүнүш болуп калды

Кыргыз маданияты кошумча жарыя кылууга эч качан муктаж болгон эмес, анын үстүнө алкоголдук өнүмгө. Мындай пикирин Vesti.kg сайтына кыргызтаануучу Мелис Мураталиев билдирди.

- алкоголдук ичимдиктерге коюлган аттар, белгилүү инсандардын сүрөттөрү - бул маркетингдик иш, - деп билдирди ал. - Биздин маданиятыбызга бул туура келбейт. Мен буга каршымын. Негизи, бул кыргыздын жан дүйнөсүнө жат нерсе, анткени биздин маданиятыбыз кандайдыр бир кошумча жарыя кылууга муктаж эмес, анын үстүнө алкоголдук ичимдиктердин рекламасын таптакыр муктаж эмес. Тескерисинче алар биздин атактуу адамдарыбыз аркылуу алкоголдук өнүмдөрүн жарыя кылып жатышат. Мен мындан жакшы нерсени көргөн жокмун.

Түшүндүрө кетели, фейсбук социалдык тармагындагы таркатылган видеодо бир киши уюлдук телефонун бөтөлкөгө алып келип, коньяктын этикеткасын көрсөтөт. Анан сүрөт ырдап баштады, айрымдары кара жоргого бийлей баштады.


Медина Купсулдаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх