Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн ардагерлери Аскер прокуратурасын жоюп салууну талап кылышат

«Эгерде биз айткандай болбосо, анда Кыргызстандан кетип калууга туура келет»

Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн ардагерлери Аскер прокуратурасын жоюп салууну талап кылышат. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына эс алуудагы подполковник Болотбек Шайымкулов айтып берди.

- Аскер прокуратурасы биздин укуктарды коргобойт, бул түзүм жазалоочу гана орган болуп калды, - деп белгиледи ал. - Мен өмүр бою Нарында өрткө каршы кызматта иштедим. Бийик тоолуу аймак болгондуктан пенсиябызга кошумча кошулат. Бирок азыр башка аймакка кеткеним үчүн Аскер прокуратурасы ал сумманы менден алып салып жатат. Мен өмүр бою кызматта жүрүп, эми Нарындан кетейин десем мени Аскер прокуратурасы алдамчы деп атап жатат. Мындай окуя мурда да болгон. Пенсионерлерди соттошту, алар эми мурда алган суммаларын кайтарып берип жатышат.

Болотбек Кадыралиевич бийик тоолуу коеффициенттен бир гана аскердик ардагерлерди гана ажыратышаарын белгиледи.

- Биздин жарандык пенсионерлерден кандай айырмабыз бар? - деп таң калат ал. - «Мамлекеттин пенсиялык камсыздоо тууралуу» мыйзамында пенсияга чыккандан кийин жашаган жерин которсо пенсия кайра эсептелет деген норма жок. Аскер прокуратурасы биздин өлкө ичинде эркин жылып жүрүү укугубузду тебелеп жатат. Биздин балдарыбыз жана неберелерибиз бар. Аларга жардам берүү үчүн Бишкекке барышыбыз керек. Мисалы, жумуш табуу керек.

Мурунку өрт өчүрүүчү аскердик ардагерлер өкмөттөн кошумча каражат сурап жатпагандыгын белгилеп кетти.

- Бийик тоолуу аймак үчүн төлөө бюджетке бекитилген, биз ошону гана тийбегиле деп суранып жатабыз, - деп түшүндүрдү ал. - Бул жерде Аскердик прокуратуранын кылып жаткан иши белгилүү, алар биздин пенсияны көзөмөлгө алышып, эреже бузулган кезде 30 пайызын өздөрүнө алышат.

Шайымкулов ал үй бүлөсүн алып Орусияга кетсемби деп жаткандыгын айтты.
- Булар менен алышып отурууну каалабайм, - дейт ал. - Эгерде эч нерсе чечилбей турган болсо, үй бүлөмдү алам да Орусияга көчүп кетем Кыргызстандан. Калган ардагерлер да ушундай деген ойдо.

Эске салсак, мурда Vesti.kg сайты Нарын облусунун аскер ардагерлеринин Курултайынын катышуучулары омбудсмен Токон Мамытовго президент менен байланыштыруу өтүнүчүн келтиришкен.

Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн ардагерлери өз милдетин жазалоочу органга окшоп бир беткей гана аткарып жатат деп эсептешет.

«Биз Жогорку Кеңешти Кыргыз Республикасынын аскердик прокурорунун аскер кызматкерлеринин укуктарын коргоо боюнча отчетун угууну сунуштайбыз, - деп жазышаталар. - Кыргыз Республикасынын Аскердик прокуратурасынын максатка ылайыктуулугун карап көрүү керек. Анын милдетин жергиликтүү прокуратура органдары аткарып жатат».

Вероника Малышева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх