Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Коопсуз шаардын» камералары кызматтык автоунаалардын жогорулатылган ылдамдыгын каттоого албайт

Албетте, эгерде ушундай жеңилдиктер мыйзамда каралган болсо

«Коопсуз шаардын» камералары кызматтык машиналардын ылдамдыкты жогорулатуусун жол эрежеси бузулду деп эсептебейт, ал үчүн кызматтык машинанын төбөсүндө «бүлбүлдөгү» жанып турушу керек. Бул тууралуу КР ИИМ ЖКККББ начальнигинин орун басары Ыманалы Саркулов «Коопсуз шаар» жаатындагы өнүгүү дараметин чечүү боюнча өткөн тегерек үстөлдө билдирди.

Арийне, кеп ылдамдыктын мыйзам тарабынан жол берилген режими тууралуу болуп жатат.

- Бул жол кыймылынын эрежеси менен жөнгө салынган, анда кандай машиналардын айдоочулары жол эрежесин бузуудан бошотулгандыгы жазылган, - деп түшүндүрдү ал. - Балансында сигнал берүүчү системасы бар автокаражаттары бар органдарга аларды колдонуу жана текшерүу тууралуу кат жолдогонбуз. Бул алардын эреже бузуусун «каттабоого» жол берет.

Саркулов Бишкектин «тез жардамынын» айдоочусу айып пул төлөгөн учурду эске салды.

Начальниктин орун басары ИИМ кызматкерлери, саламаттык сактоо Министрлиги жана Улуттук банк айыптан качып кызматтык абалынан колдонгон учурларды айтты.

- Милиция ылдамдыкты жол белгилерине бирөөнү коштоп жүргөндо жана өзгөчө кырдаал учурунда жардам берүүдө жана кылмышкерди кууганда гана карабайт, - деп санады ал.
- Мен бул токтомдорду жеке өзүм бухгалтерияга жөнөттүм, башка учурларда биздин инспекторлор жол эрежесин бузса, анда айып жазылууга тийиш.

Ошондой эле Саркулов жарандарды светофордо жөнгө салуучу тургшан учурдагы кооптонууларына жооп берди. Төраганын орун басарынын сөзү боюнча, ал учурда айып салынбайт.

- Биз өтө тыгын болгон жерге жөнгө салуучуну жөнөтөбүз, бирок бардык жерде мындай кылууга чамабыз жетпейт, - деди ал. - Бишкекте 266 көчө кесилиштери бар, ал жерлерде светофорлор бар. Болгону, андай штат жок бизде.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх