Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Көркөмдөп муз тебүү боюнча вице-чемпиондун апасы: Кызым Кыргызстандын атынан чыкса болот эле

Элизабет Турсынбаева дүйнө чемпионатында Казакстандын атынан чыкты, анткени Кыргызстанда андай федерация жок

Казакстандын 19 жаштагы спортчу кызы көркөмдөп муз тебүү боюнча Жапан мамлекетинде болгон чемпионатта күмүш медалдын ээси болду. Ал көркөмдөп муз тебүүнүн таржымалындагы бир да жыгылбай төрт чимирилип аткарган биринчи спортчу болду. Турсынбаева аялдардын жалгыздап муз тебүүсүндө экинчи орунду ээледи, биринчиликти Орусиянын олимпиадалык чемпиону Алина Загитовага тарттырып жиберди.

Вице-чемпиондун апасы фейсбуктагы өз баракчасына өзүнө жаккан бир күйөрмандын комментарийин жайгаштырган: «Элизабет Турсынбаева дүйнөгө кыргыз генинин күчтүүлүгүн тастыктады».

Элизабет Турсынбаева 2000-жылы бирдин айынын он төртүндө Орусияда туулган. Спортчу кыздын апасы Падышахан Султаналиева - кыргызстандык (Аксы районунда туулган), атасы - казакстандык.
Султаналиева Vesti.kg сайты менен болгон маегинде Жапан мамлекетинде кызы эмнеге Кыргызстандын эмес, Казакстандын атынан чыгып калгандыгын түшүндүрдү.

- Биз Кыргызстан же Казакстан үчүн чыгышы керек деп чечтик, - деп түшүндүрдү ал. - Анткени күйөөм казак, мен кыргызмын. Бирок Кыргызстандын атынан чыгаралы десек, Кыргызстанда көркөм муз тебүү федерациясы жок экен. Уулум менен кызым спорттун ушул түрү менен машыгышкан.

Балдарымдын бирөө Кыргызстандын атынан чыкса экен дедим. Ушул ой менде бар болчу, бирок тилекке каршы ишке ашпай калды. Уулум азыр жаракат алып, ошого байланыштуу таштады спортту.

Медина Купсулдаева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх