Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Тиматинин бургерин жейбиз деп топтолгон адамдардын арасында 20 бөбөк адашып кетти

Бишкектин милиционерлери бардык адашкан бөбөктөрдү таап ата энелерине кайтарды

Бишкектеги Black Star Burger тез тамактануучу ресторанынын ачылышында 20 бала адашып кетти. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына ордо калаанын ИИМБ маалымат кызматы билдирди.

- Бул иш чарада биздин кызматкерлер коомдук тартипти жөнгө салып турду, - дешти андагылар. - Милиционерлер тосмодон чыга баштаган жарандарга түшүндүрүп жатышты. Андай көрүнүш бир нече ирет кайталанды. Ал иш чарада 20 бала адашып кетти. Укук коргоо кызматкерлери аларды ата энелерине кайтарып жеткиришти.

Ал ортодо Vesti.kg сайты саламаттык сактоо Министрлигине кайрылып бул иш чарада жабыр тарткандар болгондугун билүүнү чечти.

- Кечээ медициналык тез жардам чакыруу болгон жок, - деп жооп берди саламаттык сактоо Министрлигинин маалымат кызматы.

Эске салсак, кечээ ордо калаанын «Азия Молл» соода борборунда Black Star Burger тез тамактануучу ресторанынын расмий ачылышы болду. Бул ишкананын ээси - орусиялык рэп-аткаруучу Тимати (Тимур Юнусов) - ар бир кыргызстандыкка бургер таркатам деп убада берген. Жарандар соода борборунун алдына артист келээрден бир нече саат мурун чогулушту. Социалдык тармактын колдонуучулары имараттын алдындагы төө бастыны тартып алышкан.

Артисттин өзу бул видеону Instagram социалдык тармагындагы өздүк баракчасына жайгаштырды.


 

«Бишкек!!! «Азия Молл» соода борборунун аянтчасында 20 миң киши. @blackstarburger расмий ачылышы!!! Мындан үч жыл илгери биринчи ишканабызды ачып жатканда биз мындай болоорун күткөн эмеспиз!!!», - деп жазат Тимати.

(автордун орфографиясы жана пунктуациясы бузулбай берилди).

Белгилей кетсек, ишкананын техникалык ачылышы жалган курандын жетисинде болгон. Ошол күнү чогулган элдин алдында Кыргызстандын Жогорку муфтийи Максат ажы Токтомушев сөз сүйлөгөн.

Медина Купсулдаева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх