Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Өлгөндөргө мунун кереги жок». Кыргызстандын диний Башкармалыгы бата кылдырганда боорсок жана нан гана болушуна макул болушат

Сооронбай Жээнбековдун кичи мекенинде арбакка багыштап көп ыгым-чыгым кылуудан баш тартышты

Арбакка багыштап курмандык чалуудан баш тартуу исламга каршы келбейт. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Кыргызстандын муфтийинин орун басары Акимжан Эргешов билдирди.

- Исламда бата кылуу - бул дүйнөнү таштап кеткен адамды эскерүү, - деп түшүндүрдү ал. - Бизде болсо бул чоң чыгымды талап кылат. Ислам буга тыюу салат. Кайсы бир айылда мындан баш тартышкан болсо, туура кылышыптыр. Биздин салт боюнча батага бир уйду союп, ага кошумча дагы бир бодо малды жыгыш керек. Ошентип, үй бүлө 500 миң сомго чукул, айрым учурларда 1 миллион сом чыгым тартат.

Эргешов азыркы турмушта мындай чыгымдар негизсиз экендигин кошумчалады.

- Элдер ансыз да кыйналып жашап жатканда андан бетер өздөрүнүн абалын кыйындатышат. Өлгөн адамга анын кереги жок, - деп сөзүн бүтүрдү ал.
Өз кезегинде профессор, тарыхчы Айнура Арзыматова да кыргызстандыктар батага чыгым кылууну токтотушу керек деп айтты.

- Ыксыз чыгым кылууну токтотчу мезгил келди, кээ бир элдер муну таптакыр эле жасашпайт, - деди ал Vesti.kg сайтына. - Айта кетсек, мындай практика Чүй облусунун айрым райондорунда бар. Батада бир гана чай менен боорсок берилет.

Түшүндүрө кетели, Ош облусунун Кара-Кулжа районунун тургундары адам өлгөн соң өткөрүлчү үчү, жетилиги, кыркы деген жөрөлгөлөрдөн баш тартышты. Бул тууралуу ЖМК билдирди.

Райондун акиминин сөзү боюнча, мындай чечимди активисттер менен аксакалдар кеңеши чыгарган. Ошентип, каракулжалыктар негизсиз чыгымдан кутулууну каалашат.

Ошону менен бирге Ош облусунун тургундары кийит кийгизүүдөн (калпак, жоолук, мата, чапан ж.б.) баш тартканы жатышат. Куран окутканда үстөлгө боорсок менен нан гана коюлат.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх